Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир кылмышы, күнөөсү, жаңылыштыгы үчүн катуу жазалоо, көргүлүктү көрсөтүү, теске салуу, акесин таанытуу. ­О, кайран жеңем, ишке жарайт! Биздин айылдын катындарынын адебин колуна берип, акесин таанытат (Борбиев). Аманат жаным соо болсо, Адебин колго беремин («Эр Табылды»).