Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кылмышы, күнөөсү, жаңылыштыгы үчүн катуу жазалоо, көргүлүктү көрсөтүү, теске салуу, акесин таанытуу. О, кайран жеңем, ишке жарайт! Биздин айылдын катындарынын адебин колуна берип, акесин таанытат (Борбиев). Аманат жаным соо болсо, Адебин колго беремин («Эр Табылды»). В.: Адебин берүү. Бардык күнөө кыздын өзүндө адебин келтире бериш керек (Осмоналиев). В.: Азабын колуна берүү. Аттанабыз черүүгө, сандаалатып калмактын Азабын колго берүүгө («Курманбек»). Азабын берүү. Элсиз-жерсиз көпкөн кул, Азабыңды беремин (Бөкөнбаев). Жазасын колуна берүү. Мен бул иттин жазасын колуна берем (Каимов). Жазасын берүү. Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). Сазайын колуна берүү. Тагай Алымкулдун сазайын колуна бермейинче мооку канбайт (Абдукаримов). Сазайын берүү. Бас, сенин сазайыңды Мырзабай берет! – деп, Айдаралы Култайды жакадан алды (Абдукаримов).