ААРЫНЫН УЮГУНА ТИЙҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнүн каарына калуу, чатак ишке кабылуу. Бабаевдин кылмыштуу кылыктарын газетага жазып коебуз деп кабарчылар аарынын уюгуна тийип алышкан экен («Советтик Кыргызстан»). – Кокуй! Өлтүрүп алба! Аарынын уюгуна тийбедиңби? (Үмөталиев). В.: Аарынын уюгуна катылуу. Бул аарынын уюгуна көп катылбай жүр, балам (Абдукаримов). Жыландын уюгуна тийүү. Мен силерге дайыма этият болгула, жыландын уюгуна тийбегиле! – деп келатам (Абдукаримов).