Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүткүл дүйнө жүзү, галактика. Ошол таңда ааламдын эгеси жарыктык Күн дагы өзгөчө бир толуп-ташып, бийик тоонун кырынан керемет сындуу, кандайдыр башкача тирелип чыкты (Акматов). Айт, айт десе, ааламды айт, Аалам алга кадамдайт (Барпы). Айтматовдой Аалам сөзүн ким жазды, окуганга дүйнө эли бат шашты (Акматалиев). 2. Бүткүл жер жүзү. Ааламга топон суу келсе, Асырап турган көп элди, Көтөрүп алчу кемеге («Семетей»).