TikTok
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаTikTok (ТикТок) кытайлык ByteDance интернет компаниясына таандык колдонуучулар жүктөгөн кыска форматагы виделорду жайгаштырган социалдык желе. TikTok мазмун жаратуучуларды жаңы аудитория менен табыштырууда башкалардыкынан жакшы иштеген сунуштоо алгоритмдерин жардамы менен дүйнөдөгү эң популярдуу социалдык медиа платформалардын бири болуп калды. 2021-жылы TikTok жараткан интернет трафик Google'дыкынан ашып түшүп, интернет рейтиңде 1-орунга чыккан. ТикТоктун популярдуулугу тамактануу жана музыкадагы вирустук тренддерди жайылтууга жана платформанын дүйнө жүзүнө тийгизген маданий таасирин өстүрүүгө мүмкүндүк ачты.