Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

SpaceX (Space Exploration Technologies Corp.) космос кемелерин куруучу жана космоско жүк ташуучу америкалык жеке менчик компания. SpaceX 2002-ж. Илон Маск тарабынан космоско жүк чыгаруунун баасын кыскартуу жана Марсты колониялаштыруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу максатында түзүлгөн. 2018-ж. февраль айына SpaceX көп пайдалануучу Falcon алып чыгуучу ракеталар үй-бүлөсүн жана Dragon космос кемелеринин үй-бүлөсүн ишке киргизген. 2019-ж. спутниктер аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратууну көздөгөн Starlink долбоорун алгачкы 60 спутниги орбитага чыгарылган. 

SpaceX