Google Издөө — Google Inc компаниясына таандык дүйнөдөгү эң ири интернеттен маалымат издөө системи жана эң популярдуу вебсайт. Дүйнөнүн 191 тилинде маалымат табууга жөндөмдүү. Күнүгө 3.5 миллиард издөө жүргүзөт. Google Издөө башка издөө системаларынан өзгөчөлөнүп, негизинен веб-барактардагы текстти алууга басым жасайт. Google Издөө системасы алгач Стэнфорд университетинде Ларри Пейж жана Сергей Брин тарабынан окуу долбоору катары түзүлгөн. Алар 1996-жылы BackRub издөө системасынын үстүндө иштешет, ошондон көп өтпөй 1998-жылы анын негизинде жаңы Google Издөө системин түзүшкөн. Корпорация 1998-жылы 2-сентябрда негизделген болсо да, Google.com домени 1997-жылы 15-сентябрда эле каттоодон өткөн.
