Киргизско-русский словарь Юдахина
өтө I
(өт II-ө)
очень, крайне, весьма;
өтө зарыл крайне нужно;
өтө жаман очень плохой;
өтө арзан очень дешёвый;
өтө жооптуу милдет очень ответственная задача;
өтө кайрат баш жарат погов. излишняя храбрость голову дробит;
өтө кеткен чрезмерный;
өтө кеткен шаан-шөөкөт чрезмерная пышность;
өтө эле кеткен уж очень;
быйылкы жаз өтө эле кеткен өзгөчө жаз болду весна этого года была совершенно исключительной;
өтө кетип калды он хватил через край; он перегнул палку.
өтө II
сев.
то же, что өтөлгө;
жакшылыгыңдын өтөсүнө чыгармын я тебя за твоё добро (когда-нибудь) отблагодарю.
өтө- III
1. исполнять, выполнять;
сөзүн өтөгөндөр те, кто сдержал своё слово (выполнили обещание);
мойнумдагы милдетимди өтөдүм я выполнил своё обязательство;
беш убак намаз өтөбөгөн он не исполнял (не совершал) пятикратного намаза (мусульманской молитвы);
жаза өтө- юр. отбывать наказание;
2. отплатить добром, отблагодарить;
карызымды өтөдүм я свой долг выполнил;
мен зиеме карызымды өтөдүм я свой долг перед матерью выполнил; я достойно отблагодарил свою мать.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I бөл. Эң, абдан, аябаган, аябай, эң эле. Өсүмдүккө өтө керектүү: күн жана аба! (Сыдыкбеков). Өтө шайыр киши эле, Ыр жазуудан жадабас (Осмонкул). Мындай карышкырлар өтө сейрек (Жантөшев).
ӨТӨ II этиш. Бир нерсени аткаруу, иштөө, иш жүзүнө ашыруу, белгилүү мөөнөткө кызмат кылуу. Бул жакшылыгыңды өтөөрбүз («Ала-Тоо»). Ошентип, айрылышкан муңдуу энем, Канткенде мээнетиңди өтөп берем? (Аалы). Өтөбөй калайыктын бир кызматын Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып (Бөкөнбаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өтө (бөл.)
өтө аз
өтө жогорку жыштык
(физ.)
өтө жогорку үн ылдамдыгы (физ.)
өтө жугуштуу тумоолор
өтө зээндүү балдар
өтө каныккан буу (физ.)
өтө каныккан эритмелер
өтө кычкылдар
өтө өткөргүчтөр (физ.)
өтө өткөрүмдүүлүк (физ.)
өтө сезгичтик
өтө чабуу

Киргизско-русский словарь Юдахина
сев. уст. иносказательно
медведь;
аюу десе, кыштын күнү күн жаадырат дечү эле илгеркилер, чоң аталар, ошондуктан, аюу дебей, өтөгөн дечү эле прежние (люди), деды (наши) говорили, что если сказать "аюу", то зимой (медведь) вызовет атмосферные осадки, а потому говорили не "аюу", а "өтөгөн";
өтөгөндүн териси, өзү жатып, ий болот погов. медвежья шкура сама по себе (букв. лёжа) выделывается (делается мягкой).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Мурун «аюу» деген сөздүн ордуна колдонулуп келген: «аюу десе, кыштын күнү күн жаадырат дечү эле илгеркилер, чоӊ аталар, ошондуктан аюу дебей, өтөгөн дечү эле; өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот погов. медвежья шкура сама по себе (букв. лёжа) выделывается (делается мягкой) (Юдахин 1965:602). Ушуга караганда, «аюу» сөзү байыркы мезгилде табу болгон деп божомолдоого болот. Жеӊем айтып калат: «Кайненем катуу чыгып, апама ыйлап келем. «Жашай албайт окшойм, апа, тигинтип атат, минтип атат»,- деп арызданам. Апам байкуш: «Кой, кызым, чыда, чыдап тур. «Өтөгөндүн териси өзү жатып ий болот», деп сооротот. Чын эле кийинчерээк кайнилерим үйлөнгөндөн кийин экөөбүз жакшы болуп кетсек болобу. Азыр экөөбүздөн жакын киши жок. Өтөгөндүн эмне экенин апам деле билбесе керек. Ойлонуп жүрүп кийин Юдахиндин сөздүгүнөн карасам, өтөгөн деген аюунун бир аты экен. Көрсө, аюунун териси өтө калыӊ болгондуктан, ийленбейт экен. Жерге салынып жүрүп, кийин өзүнөн өзү жумшарып ийге келет экен». Монгол тилдеринде аюу өтөгөн деп аталат экен. Макалга чейин кирип кеткенине караганда, бизде да илгери көп колдонулса керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЖАРДЫ ӨЛКӨЛӨР – 1971-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган чен-өлчөмгө ылайык, улуттук дүң өнүмү жан башына эсептегенде 100 АКШ долларынан ашпаган, кайра иштетүү өнөржайынын улуттук дүң өнүмүндөгү үлүшү 10 пайыздан жогору болбогон жана 15 жашка чейинки калкынын сабаттуулугу 20 пайыздан ашпаган өлкөлөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЗАРЫЛДЫКТЫН ЧЕГИНЕН ЧЫГУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча келтирилген коркунучтун жана коркунуч жоюлган шарттардын мүнөзүнө жана деңгээлине ачык туура келбеген, көрсөтүлгөн кызыкчылыктарга тете же болтурбай койгон залалдардан да арбын залалдарды келтирүү. Ө. з. ч. ч. атайылап залал келтирилген учурларда кылмыш-жаза жоопкерчилигине кириптер кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТӨ ЗАРЫЛЧЫЛЫК (Аргасыздык) – кылмыш-жаза укугунда кылмыш жосунун жокко чыгара турган жагдайлардын бири. Ө. з-тан улам укук коргоо кызыкчылыгы үчүн залал келтирилген болсо, т. а. эгер ал ошол адамдын же дагы башка жактын кертбашына жана укугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына карата келтирилген коркунучту жоюу үчүн ошол жагдайда андан башка каражаттарды колдонуу мүмкүн болбосо жана келтирилген коркунучка караганда келтирилген залалдын зыяны азыраак болсо, ал аракет кылмыш болуп эсептелбейт. Ө. з. эрежеси администрациятивдик жоопкерчиликке карата да колдонулат. КР жарандык укугунда Ө. з. түшүнүгү кылмыш-жаза жана административдик укуктар менен иш жүзүндө дал келет. Бирок, жалпы тартип боюнча, Ө. з-тын болушу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен бошотпойт. Ошол эле учурда, сот мындай зыяндын келип чыгуу жагдайын эске алуу менен зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигин кызыкчылыгы үчүн зыян келтирилген үчүнчү жакка оодарышы мүмкүн, же болбосо, зыян келтирген жакты да, үчүнчү жакты да зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен толук же жарым-жартылай бошотушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени аткаруу, иштөө, иш жүзүнө ашыруу, белгилүү мөөнөткө кызмат кылуу. Бул жакшылыгыңды өтөөрбүз («Ала-Тоо»). Ошентип, айрылышкан муңдуу энем, Канткенде мээнетиңди өтөп берем? (Токомбаев). Өтөбөй калайыктын бир кызматын Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. горная впадина, ровное место в горах, на склоне горы (защищённое от ветра, а потому удобное для зимовки скота);
кой туудурчу өтөк место, удобное для окота овец;
муруту өтөккө чыккан чалкандай фольк. усы у него, будто крапива, выросшая в горной впадине (большие и кудрявые);
өндүр-өтөк, адыр-күдүрлөр ложбины и впадины, холмы и бугры (место неровное);
2. южн. зимовье (место, где зимуют со скотом);
3. место бывшей стоянки аула.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоо этегиндеги ойдуң, оюраак жер, тоо этеги. Мен өтөктөгү корумга чыктым (Жантөшев). [Жайыттын] ойдуң өтөк жерлери ыргалган кара кыяк (Убукеев). Өтөк жери көйкөлгөн, Өзөндө аккан суусу бар (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоо этегиндеги ойдуң, оюраак жер, тоо этеги. Мен өтөктөгү корумга чыктым (Жантөшев). Жайыттын ойдуң өтөк жерлери ыргалган кара кыяк (Убукеев). Өтөк жери көйкөлгөн, Өзөндө аккан суусу бар (Осмонов). Өтөгү башы мандалак, Кырк өрүм чачың далдалап («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тындыра орундатуу, аягына чыга аткаруу, бүтүрүү. Иштин өтөсүнө чыга албаса, кээ бир кызматчылар өзүнүн арызы менен бошонуп алары жакшы маалым. Адатта дос күтпөгөн адам болбойт, бирок анын өтөсүнө чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт (Каимов). Керээли‑кечке иштеп тапкан эмгегинин өтөлгөсүнө арзыбаган тыйын алганына ичи ачышып калды («Ала‑Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тындыра орундатуу, аягына чыга аткаруу, бүтүрүү. Иштин өтөсүнө чыга албаса, кээ бир кызматчылар өзүнүн арызы менен бошонуп аларын биз жакшы билебиз («Жаш ленинчи»). Адатта дос күтпөгөн адам болбойт, бирок анын өтөсүнө чыгуу баарынын эле колунан келе бербейт (Каимов).