Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өт- II
проводить, заставлять проходить;
суудан өткөр- переправить или помочь переправиться через воду;
өткөрүп ал- принять что-л., произвести приёмку;
товар өткөрүп ал- принять товар;
өткөрүп алуучу приёмщик;
өткөрүп алуучу пункт приёмочный пункт;
өткөрүп бер- сдать, передать;
ишти өткөрүп бер- сдать дела;
юбилей өткөр- отмечать юбилей, праздновать юбилей;
күн өткөр- жить, существовать;
баштан өткөр- испытать, пережить;
жетимчилик күндөрүн башынан өткөргөн он испытал сиротскую долю (букв. жизнь);
ич өткөр- слабить, вызывать понос;
ич өткөрө турган дары мед. слабительное;
өткөрүп жибер-или өткөрүп ий- упустить (напр. удобный случай);
убактыны өткөрүп жибер- упустить время;
өткөрүп ийип атамды фольк. (я) лишившись своего отца.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(өткөр-ө)
очень, в высшей степени;
өткөрө кыйын иш очень трудное дело;
өткөрө баатыр или өткөрө эр выдающийся богатырь, исключительный храбрец;
өткөрө чап- разрубить, рассечь;
өткөрө чаал өт алган - өткүр эле Күлчоро фольк. ловкий был (богатырь) Кюльчоро: рассекая (человека), он доставал жёлчный пузырь;
өткөрө башың барында өзөнгө бойлоп конбочу фольк. пока на плечах твоя головушка, не располагайся аулом по речке;
шилиден өткөрө кара- см. шили.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТКӨРҮМ БАРАКЧАСЫ – 1) жүктү чет өлкө темиржолуна өткөрүү үчүн чегара бекетинде түзүлө турган документ. Ал өткөрүп берилүүчү вагондогу жүк тууралуу маалыматтарды камтыйт; 2) өткөрүп берилүүчү, анын ичинде ишкананын бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө (баары же жүк орун бирдигинде) өтүүчү мүлк менен баалуулуктардын курамы тууралуу маалыматтарды толук камтыган документ. Ал башка товар өткөрүп берүүчү документтерге коштолушу да мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ – төмөндөгү жагдайларга ылайык түзүлүүчү документ: а) юридикалык жактар кошулганда, алардын арбиринин укугу менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өтөт; б) бир юридикалык жактын дагы бир жакка келип кошулуусунда анын укугу менен милдеттери ошол юридикалык жакка өтөт; в) юридикалык жак кайра түзүлгөндө, анын укугу менен милдеттери кайра түзүлгөн юридикалык жакка өтөт. Ө. б. а-нда кредитчилер менен карызкорлорго карата баардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча да мураскорлук жөнүндөгү жоболор камтылууга тийиш.