Киргизско-русский словарь Юдахина
1. острый (режущий, колющий);
өткүр бычак острый нож;
көзү өткүр перен. у него пронизывающий взгляд;
2. перен. (о человеке) энергичный, боевой, смелый;
өткүр жигит боевой парень.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Курч. Ташка тийип кетилди, Далай болот өткүр миз (Токтогул). Канжардын өткүр мизи анын оң кулагын шылып түштү (Сыдыкбеков). Колундагы кайлоонун Курчтугу өткүр болоттой (Осмонкул).
2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү. Кузьма Ашырдын.. өткүр мүнөзүн жактырар эле (Сасыкбаев). Өткүр жигит өйдө өтөт, Жүргөн жерин гүлдөтөт (Үмөталиев).
Көзү өткүр — теше тиктеген, көз карашы курч. Жүкөштүн көзү өткүр, кыймылы тез, сүйлөгөнү ыкчам (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курч. Ташка тийип кетилди, Далай болот өткүр миз (Токтогул). Канжардын өткүр мизи анын оң кулагын шылып түштү (Сыдыкбеков). Колундагы кайлоонун Курчтугу өткүр болоттой (Осмонкул). 2. өт. Тайманбас, тартынбаган, өтүмдүү. Кузьма Ашырдын өткүр мүнөзүн жактырар эле (Сасыкбаев). Өткүр жигит өйдө өтөт, Жүргөн жерин гүлдөтөт (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Курчтук, бир нерсеге тийсе кесип кетүүчүлүк. Биздин чапкан алмаз болот кылычтын Өткүрлүгүн кылым бою эстесин (Осмонкул).
2. өт. Тартынбастык, тайманбастык, өтүмдүүлүк. Кырмусшаанын Мурадыл Өткүрлүгү арбын, өзү жаш («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Курчтук, бир нерсеге тийсе кесип кетүүчүлүк. Биздин чапкан алмаз болот кылычтын Өткүрлүгүн кылым бою эстейсиң (Осмонкул). 2. өт. Тартынбастык, тайманбастык, өтүмдүүлүк. Кырмусшаанын Мурадыл Өткүрлүгү арбын, өзү жаш («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от өткүр
изображать из себя храбреца, смельчака; храбриться, заноситься;
өкүмүңө саласың, азыр өткүрсүгөн баласың фольк. действуешь ты властно, ты пока ещё зазнавшийся паренёк.