Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Зуннахундун таарыныч менен айткан сөздөрүнө Түлкүбектин өлбөгөн төрт шыйрагы калган сыяктанды (Жангөшев). Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түшту (Баялинов). - Бул жерде башканын атын аташпай, туш-туштан ушинтип кыйкырышканда Калыйчанын өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган (Медетов). Башка бирөө болсо өлбөгөн төрт шыйрагы калар эле... (Айтматов).
Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Зуннахундун таарыныч менен айткан сөздөрүнө Түлкүбектин өлбөгөн төрт шыйрагы калган сыяктанды (Жантөшев). Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түштү (Баялинов). – Бул жерде башканын атын аташпай, туш-туштан ушинтип кыйкырышканда Калыйчанын өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган (Медетов). В.: Өлбөгөн төрт саны калуу. Токтогул бөлөк жактан келип отурган кишилердин көзүнчө өлбөгөн төрт саны калып, ооз ачса эле тиги дагы жаман кеп ырбата турган, мыңк эте албай отуруп калды (Касымбеков). Султанмурат бектин өлбөгөн төрт саны калды (Касымбеков).