Киргизско-русский словарь Юдахина
1. расторопный, проворный;
элпек жигит проворный, расторопный парень;
атынан элпек түшүп (он) проворно соскочив с коня;
Сабыр ордунан элпек тура калды Сабыр быстро встал с места;
2. послушный, услужливый; ласковый, любезный, кроткий;
кыйык эмес, элпек он не супротивный, послушный;
өгүз болсо да, үстү тынч, башы элпек, басканы ылдам хотя это и бык, сидеть на нём спокойно, поводьям послушный, ход быстрый;
аткарууга элпек күүлөр лёгкие для исполнения мелодии;
элпек кыймылы менен папирос сунду он любезно предложил (букв. протянул) папиросу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Ийкемдүү, бурган жакка кеткен, оозу жумшак (мис., жылкыга же башкарып, башын буруп жүрүүгө туура келген башка транспортторго карата); дилгирлик менен аракеттенген, жеңил, шамдагай (мис., адамга карата), тил алгыч, кичи пейил. Алдында минген жапалдаш кара кер ат мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). Элпек кунан шыпылдап бөжүгөндөн талбайт (Бейшеналиев). Шофёр рулду элпек тегеретип, машинаны эркин башкарат («Ала-Тоо»). — Турмушуна, кыял-жоругуна, сөзүнө караганда элпек,
тил алгыч, ак көңүл адам экен («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ийкемдүү, бурган жакка кеткен, оозу жумшак (мис. жылкыга же башкарып, башын буруп жүрүүгө туура келген башка унааларга карата); дилгирлик менен аракеттенген, жеңил, шамдагай (мис. адамга карата), тил алгыч, кичи пейил. Алдында минген жапалдаш кара кер ат мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). Элпек кунан тыпылдап бөжүгөндөн талбайт (Бейшеналиев). Шофер рулду элпек тегеретип, машинаны эркин башкарат («Ала-Тоо»). – Турмушуна, кыял-жоругуна, сөзүнө караганда элпек, тил алгыч, ак көңүл адам экен («Кыргыз Туусу»).