Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ээлигүү, жээлигүү; токтоно албоо, жулкунуу; чарчабоо. Күлүк талбаган, Сууган сайын элирген (Үмөталиев). Кой, Тору, элирбе, Тору жаман дедирбе (Осмонов).
2. Шаттануу, кубануу, толкундоо. Эл четине келгенде, Элиришке мен кызык (Токтогул). Элирбейт кимдин жүрөгү, Энеден белек барганда (Маликов).
3. Элирмеси кармоо. Оорулуу неме элирип кетти го (Жантөшев).
4. Эсирүү, эсиркөө, шоктонуу, тентектенүү. Жакшы кийсең, жаш балдар, Көйрөңдөнүп элирбе (Токтогул). Балалык кылып элирбе (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. бредить, кричать во сне;
2. возбуждаться, бесноваться; иметь сильное стремление;
жин тийгендей элирип беснуясь, словно бес в него вселился;
3. страдать лунатизмом;
жарым эс, жинди чалыш болуп, кээде элирип ооруп, айыкканында айылды кыдырып жүрө берет он помрачился умом, стал слегка бесноватым, иногда страдает лунатизмом; поправившись, бродит по аулу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээлигүү, жээлигүү; токтоно албоо, жулкунуу; чарчабоо. Күлүк талбаган Сууган сайын элирген (Үмөталиев). Кой, Тору, элирбе, Тору жаман дедирбе (Осмонов). Тулпардай туйлап элирип, Түбүндө агат кашка суу (Чойбекова). 2. Шаттануу, кубануу, толкундоо. Эл четине келгенде, Элиришке мен кызык (Токтогул). Элирбейт кимдин жүрөгү, Энеден белек барганда (Маликов). 3. Элирмеси кармоо. Оорулуу неме элирип кетти го (Жантөшев). 4. Эсирүү, эсиркөө, шоктонуу, тентектенүү. Жакшы кийсең, жаш балдар, Көйрөңдөнүп элирбе (Токтогул). Балалык кылып элирбе (Осмонкул). Капа болуп сабылам, Элирген эпсиз болгон соң (Казыбек).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. бред и крики во сне;
2. сильное возбуждение;
3. лунатизм;
элирме оорусу бар он страдает лунатизмом;
элирмеси бар, түн ичинде элирип басып кетет он страдает лунатизмом, ночью бродит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от элир-;
эшигинин алдына, элиртип, күлүк байласын стих. пусть он привяжет к двери своей горячих скакунов (чтобы они нетерпеливо рвались с привязи);
элдикке такыр көнбөсө, элиртпей чырды салып кел фольк. если он не пойдёт на примирение, устрой ему скандал, не дав ему бесноваться.