Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Чык-чык эткен дабыш чыгаруу (көбүнчө металлдардан чыккан дабышка карата). Бир жагынан кол машина чыкылдап,.. иш кызууда (Сасыкбаев). Чыкылдаган секунддун Жеңиштүү улам ар жагы (Аалы).
2. өт. Өтө катуу суук болуп, күчүнө келип туруу. Чыкылдаган кышкы аяз бетиколду тоңдурат («Ала-Тоо»). Аяз күүсүн чалат, чыкыроон чыкылдайт (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стучать, щёлкать, стрекотать (напр. о часах, телеграфном аппарате);
саат чыкылдап турат часы тикают;
саат чыкылдап жылып, күндөр өтүп жатты часы тикали, (стрелки) двигались, а дни проходили;
2. (о морозе) трещать;
чыкылдаган ызгаар трескучий мороз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чык-чык эткен дабыш чыгаруу (көбүнчө металлдардан чыккан дабышка карата). Бир жагынан кол машина чыкылдап,.. иш кызууда (Сасыкбаев). Чыкылдаган секунддун Жеңиштүү улам ар жагы (Токомбаев). Дубалга илинген сааттын жебеси чыкылдап тынбайт (Стамов). 2. өт. Өтө катуу суук болуп, күчүнө келип туруу. Чыкылдаган кышкы аяз бети-колду тоңдурат («Ала-Тоо»). Аяз күүсүн чалат, чыкыроон чыкылдайт (Каимов).