Киргизско-русский словарь Юдахина
1. локоть;
чыканак сөөгү локтевая кость;
чыканак жерге салайын, чырым уйку алайын фольк. облокочусь я на землю и немного вздремну;
чыканак жерге салбастан, чырм этип уйку албастан фольк. на землю не облокачиваясь, и ничуть не подремав;
чыканак таянып опершись на локоть;
чыканактай (о человеке) маленький, маленького роста (букв. с локоть);
2. южн. изгиб, колено (напр. трубы).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кар жилик менен күң жиликтин кошулган жериндеги, колду ичин көздөй ийгенде уруюуп чыгып турган жери. Бурма Токтогулду чыканагы менен нукуп.. эрдин тиштеп койду (Аалы). Кыздар бири-бирин чыканакка түрткүлөшүп, шыңгыр күлүп жиберишти (Бейшеналиев).
2. Кернейдин бурч болуп ийилген, кошулган жери.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кар жилик менен күң жиликтин кошулган жериндеги, колду ичин көздөй ийгенде уруюп чыгып турган жери. Бурма Токтогулду чыканагы менен нукуп... эрдин тиштеп койду (Токомбаев). Кыздар бири-бирин чыканакка түрткүлөшүп, шыңгыр күлүп жиберишти (Бейшеналиев). 2. Кернейдин бурч болуп ийилген, кошулган жери.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чыканагы менен таянуу же чыканакты кандайдыр бир нерсенин үстүнө коюу. Күлжан столду чыканактап отурат (Байтемиров). Жапар төрдө чыканактап, газета окуп жатып, үргүлөй баштаганда,.. ата-энесинин табышын укту (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыканагы менен таянуу же чыканакты кандайдыр бир нерсенин үстүнө коюу. Күлжан столду чыканактап отурат (Байтемиров). Жапар төрдө чыканактап, газета окуп жатып, үргүлөй баштаганда,.. ата-энесинин дабышын укту (Баялинов).