Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Чеги жок; учу-кыйры жок, эбегейсиз зор. Чексиз асман көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Аалы).
2. Болжолсуз, абдан көп, абдан мыкты. Ой курбалым Дүрдана! Чексиз чебер үн кана? (Аалы). Эки достун ушул минутадагы кубанычтары чексиз эле (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чеги жок; учу-кыйры жок, эбегейсиз зор. Чексиз асман, көк айнектей мелтиреп, Окшошконсуйт биздин жашыл жер менен (Токомбаев). Ойлоруңуз Күн нурундай чачырап, Мейкиндиги, Чексиздиги көрүнбөйт (Акматалиев). Чексиз сапар, жылат алга кадам жай, Кыз даракка назар салат каранат (Акматалиев). 2. Болжолсуз, абдан көп, абдан мыкты. Ой курбалым Дүрдана! Чексиз чебер үн кана? (Токомбаев). Эки достун ушул минутадагы кубанычтары чексиз эле (Жантөшев).