фэнтези
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаФэнтези (англ. fantasy — «фантазия») — мифологиялык жана жомок мотивдеринин негизинде түзүлгөн, фантастика жанрына кирген, бирок илимий фантастикадан айырмаланып каралган жанр. Азыркы фэнтези XX кылымдын башында негизделген. Өткөн кылымдын ортосунан баштап фэнтезинин өнүгүүсүнө Жон Рональд Руэл Толкин зор салым кошкон.
Фэнтези чыгармалары көбүнчө окуя жалган дүйнөдө өтчү тарыхый-окуялуу роман болушат. Анын каармандары сыйкыр күчтөргө жана жандыктарга каршы турушат. Негизи фэнтези архетипикалык сюжеттердин негизинде түзүлөт.
Фэнтези — кинематограф, живопись, компьютердик жана үстөл оюндарынын жанрлары болуп эсептелинет.