зат. Кандайдыр бир нерсенин (тоонун же дөбөнүн) кууш тартып уркуюп чыгып турган жери, тумшугу. Андан ары бастырса, Такыядай боз дөбө Уурчугу чыгып көрүнөт («Эр Табылды»).
Кыргыз тилиндеги урчуй, урчугуй сөздөрү мааниси боюнча учтуй, учтугуй сөздөрүнө барабар келет. Ошондуктан урч уңгусу менен уч уңгусу тектеш деп эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Байыркы түрк тилинде урчуй, урчугуй сөздөрү колдонулган эмес. Ушуга караганда урчуй, урчугуй сөздөрүнүп урч уңгусу алгачкы уч деген сөздүн составына р тыбышы кошулуудан келип чыгышы мүмкүн.
Кийин сөздүн башындагы кыска үндүү у созулуп айтылып, уурчук сөзү жаралган.