Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вор;
уурусу күчтүү (или күч) болсо, ээси өлөт или уурусу күч болсо, ээсин коркутат погов. если вор силён, то хозяин погибает или если вор силён, он хозяина пугает;
ууру алып кетиптир вор утащил;
ууру басып, үйгө кирген он вошёл в дом крадучись;
ууру тут- считать вором; подозревать в воровстве;
ууруларча воровски, тайно, крадучись;
ууру-төгүн всякие такие воры, воры-плуты;
2. воровство;
ууру кыл- воровать;
көрбөйт деп, ууру кылба погов. не воруй, полагая, что не увидят;
жулук ууру см. жулук;
түндүктөн түшмө ууру опытный и крупный вор.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж. б. көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз уурдап алган киши, уурулук кылууга кынык алган, үйрөнгөн киши. Уурусу күч болсо, ээсин коркутат (макал).
2. Уурулук. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же коомдун малын, мүлкүн ж. б. көрсөтпөй, билдирбей, уруксатсыз уурдап алган киши, уурулук кылууга кынык алган, үйрөнгөн киши. Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат (макал). 2. Уурулук. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тоскоолдук, жолу болбоочулук, иши оңунан чыкпоочулук. Мен ууру кылган түнү ай жарык дегендей, дайыма эле мен бирдеме алайын десем кымбаттап кетет. Мен ууру кылган түнү ай жарык болуп калчу эле, ишти баштагандан чочулап турам.