уук I
унина (жердь купола юрты);
ууктун алаканы плоская (нижняя) часть унины;
ууктун учу верхний конец унины;
ууктун билеги наружная сторона низа унины;
ийри талдардан жасалган жаман ууктар плохие унины, сделанные из кривого тала;
уугум сага айтамын, уулум сен ук погов. тебе, унина моя, говорю, ты, сын мой, слушай;
кызыл уук оголённые унины, непокрытая юрта;
кызыл уук болуп в спешке, поспешно; в переполохе, в панике;
эл, кызыл уук болуп, качып кетти народ в панике убежал;
кызыл уук кыл- разгромить и разграбить дочиста;
ууктун учу сынбаган он не подвергался даже и малейшему разгрому (букв. конец его унины не ломался).
уук- II
отравляться.
I зат. Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген, боолуу, узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Аалы).
УУК II этиш. 1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев).
2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).
уук (боз үйдүн), уугу,
уукка
уук боо
уук- (уулануу), уугуп,
ууккан
уук учтук
«Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге, баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учунаЭО0 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.
Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу. Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)
кереге баштардын кайчы чалып, уук менен тыкан байлап беките турган эшилген жип, же аркак салынып, түрдүү жиптен чалынган ичке сызма. Ал уук башындагы көзөнөккө бекитилет, мунун узуну бир метрдей (кулач) келет да, көчкөндө жыйналган ууктардын баштары ушул уук боо менен имере чалына байланат. Уук боого түшүрүлгөн кооздуктар сызмага окшошот.
Боз үйдүн түндүгү менен керегесин бириктирүүчү, түндүккө бириге турган жагы учтуу, керегеге бириге турган жагы бир аз ичин көздөй ийилип, жалпак келген узун жыгач. Талдан жасалган уук (Жантөшев). Асан карыянын үйүнүн ууктары сыртынан саналат (Токомбаев).
1. Уулануу. Бардыгы уугуп калгансып жымжырт (Жантөшев). 2. өт. Жаны күйүү, жанына батуу. Бөтөнчө акыркы сөздү укканда, Шарип уугуп кетти (Бейшеналиев).
уук этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от уук- II
1. отравлять;
2. перен. огорчать;
кыз баласы кызыктырат, уул баласы ууктурат погов. дитя дочери веселит, дитя сына огорчает.
уук этишинин аркылуу мамилеси.
(уук кап) «Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып» («Манас»), Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун диаметри... см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.
Көчкөндө таңылган ууктардын учуна кийгизип, унаага артып коюуга ылайыкталган таар баштык. Уук учтугу ушундай, Алтын менен чырматкан («Сейтек»).
Көчкөндө таңылган ууктардын учуна кийгизип, унаага артып коюуга ылайыкталган таар баштык. Уук учтугу ушундай, Алтын менен чырматкан («Сейтек»).