«Минүүгө жарай турган мал» маанисиндеги унаа сөзү кыргыз тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңгол тилинде уна этиши «мин» дегенди билдирет (МРС, 455). Ага -а(н) мүчөсү жалганып унаан сөзү жаралган. Мына ушул унаан сөзү кыргыз тилине унаа түрүндө кабыл алынган.
УНАА КАРАЖАТ КОШТОМ КАГАЗЫ – темиржол, ички суу жолдору, аба жана автомобиль унаасы менен жөнөтүлүүчү жүктөрдү ташуучу, жөнөтүүчү жана жүктү алуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ. Жүктү жөнөтүүчү тарабынан белгилүү таризде толтурулуп, жүктү кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлөт, ташуучунун алдында андагы маалыматтардын тууралыгына жооп берүүчү жөнөтүүчүнүн колу коюлат (ташуучу аны текшерүүгө укуктуу). Анда: жүктүн аталышы, ээлеген орундарынын саны, салмагы, жөнөтүлгөн жери жана баруучу жери, маркировкасы, ташып жеткирүүгө кабыл алган убактысы, жеткирүүчү күнү ж. б. көрсөтүлөт. У. к. к. к. жүктү ташып жеткирүүнү коштоп жүрөт жана барган жеринде жүктү алуучуга тапшырылат. Ташып жеткирүү келишиминин түзүлгөнүн, анын мазмунун жана ойдогудай аткарылганын күбөлөйт.
УНАА КАРАЖАТТАРЫН ЭКИПАЖЫ МЕНЕН ИЖАРАЛОО – унаа каражаттарын ижаралоо келишими (убактылуу кирелөө), мында ижарага берүүчү ижаралоочуга акысын төлөө менен, унаа каражатына убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга, өз күчү менен аны башкарууга жана техникалык жактан камсыз кылууга милдеттүү.
УНАА КАРАЖАТТЫК ЭКСПЕДИЦИЯ КЕЛИШИМИ – бир тарап (экспедитор) акысын алуу менен экинчи тараптын (кардардын – жүктү жөнөтүүчүнүн же жүктү алуучунун) эсебинен У. к. э. к. аныкталган жүктөрдү ташып жеткирүүгө уюштурууга же жеткирүүгө милдеттенген келишим. У. к. э. к. экспедитордун жүктү өзү же кардар тандаган унаа жана жол менен жеткирүүнү уюштуруудагы, экспедитордун өзүнүн же кардардын атынан жүктүн жеткирилишин, жөнөтүлүшүн жана кабыл алынышын камсыз кылуу, ошондой эле ташып жеткирүүгө байланышкан башка милдеттери каралат. У. к. э. к. жүктү ташып жеткирүүдө зарыл керек болуучу кошумча кызмат көрсөтүү иретинде экспортко же импортко керектүү документтерди алуу, бажылык башка иштерди аткаруу: жүктүн санын жана абалын текшерүү, аны жүктөө жана түшүрүү, салык, жыйым, ж. б. боюнча кардарга жүктөлгөн чыгымдарды төлөө, аны тийиштүү жеринде кабыл алуу сыяктуу, ошондой эле келишимде каралган башка аткарымдарды жана кызматтарды аткаруу каралышы мүмкүн.
УНАА КАРАЖАТЫ – 1) КР бажы мыйзамдарында контейнерлер ж. б. унаа жабдуулары менен кошо, эларалык жүргүнчүлөр менен товарларды ташып жеткирүү үчүн колдонула турган аргандай каражаттар; б) жол менен адамдар менен жүктү же жабдууларды ташып жеткирүүгө арналып, ага орнотулган түзүлүш.
УНАА КАРАЖАТЫН ЭКИПАЖЫ МЕНЕН ИЖАРАЛОО КЕЛИШИМИ – КР жарандык мыйзамдарында каралган ижарага алуу келишиминин өзгөчө түрү. Унаа каражатын экипажы менен ижаралоо (убактылуу ижарага алуу) келишими боюнча ижарага берүүчү ижарага алуучуга унаа каражатын акы үчүн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет жана аны башкаруу жана техникалык жабдуу боюнча (өз күчү менен) кызмат көрсөтөт.
УНАА КАРАЖАТ ЭЭЛЕРИНЕН АЛЫНУУЧУ САЛЫК – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Менчигинде унаа каражаттары жана башка өзү жүрүүчү машиналар менен механизмдери бар КР жарандары, чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп саналат. У. к. э. а. с. КР аймагы боюнча жылына бир ирет төлөнөт.
УНАА КЫЗМАТТАРЫНЫН БАЗАРЫ – КР мыйзамдары боюнча жүргүнчү, жүк, кол жүгүн ташуу, техникалык тейлөө кызматын көрсөтүү, унаа каражаттарын оңдоо, көмөкчү-жардамчы чарба ж. б. ташып жеткирүүгө байланышкан жумуш (кызмат) түрлөрүн жасоо чөйрөсү.
обладающий рабочим скотом; имеющий верховых коней; унаалуунун баарысы, удаа келет теминип фольк. все, кто имеет верхового коня, едут гуськом, пришпоривая.