Киргизско-русский словарь Юдахина
тоорул I
разведка, дозор;
"тоорулга барып келемин" деп, токтотуп койду кошунду фольк. он остановил войско, чтобы (самому) съездить на разведку;
тоорулдагы төрт баатыр, карап жатты, таң атты стих. четыре богатыря, что были в дозоре, смотрели, наступил рассвет.
тоорул- II
страд. от тоору- 1;
топтошуп тургандарды тоорула карап койду столпившихся он окинул недоброжелательным взглядом;
атасы анын зор улук, Кокондон келди тоорулуп фольк. отец его большой начальник, приехал из Коканда с опаской, объездом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алыстан абай салган чалгын, душмандын чегин тооруган (айлана бастырып) чалгын. Жалпы эле чалгын маанисинде да айтыла берет. Тоорулга жүрсө жол болгон («Манас» С. О.). Тоорулдан эрдик кылган деп, Тоо кыргызы мактасын («Эр Табылды»). 2. Кароолго чыгуу, багуу, көзөмөлгө алуу, байкоо. Кору чубар көп бээден, Тоорулга минер ат туубайт («Эл адабияты»). Тоорулдагы төрт баатыр, Карап жатты, таң атты («Эр Табылды»). 3. Айыл тооруп жүргөн (ууру) киши. Кайгуул эмес тоорулдун, Караанын көрсө тепсеген («Эл адабияты»).