Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жумуртка алуу жана эт үчүн багып өстүрүлүүчү үй кушу. Аппак тооктор жөжөлөрүн ээрчитип, оттоп жүрөт кужулдашып кыдыңдап (Аалы). Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла (макал).
2. Мүчөлдүн онунчу жылы. Тоок жылы туулган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча тоок сөзү байыркы түрк тилинде такагу//такыгу //такук түрүндө айтылган (ДТС, 536). Бул сөз ошол кездеги тилде тооктун үнүн туураган сөз болгон. Азыркы кыргыз тилинде короздун кыйкырганын кукукук же кукуук деп туураган сыяктуу ал кезде такагу//такук деп туураган. Ошол туураган сөз кийин канаттуунун атын билдирип калган. Кыргыз тилиндеги тоок сөзү такук вариантынан келип чыккан дешке болот. Анткени дифтонгулуу говорлордо товук түрүндө айтылат да, байыркы к тыбышы сөздүн ортосунда в тыбышына айланып, сөздүн эң аягында үндүү тыбыш айтылбайт. Дифтонг түрүндөгү в тыбышынын түшүп калышынын натыйжасында товук сөзү тоук>тоок болуп өзгөргөн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жумуртка алуу жана эт үчүн багып өстүрүлүүчү үй кушу. Аппак тооктор жөжөлөрүн ээрчитип, оттоп жүрөт кужулдашып кыдыңдап (Токомбаев). Бирөөнүн тоогун жесең, канжыгасына каз байла (макал). 2. Мүчөлдүн онунчу жылы. Тоок жылы туулган.