Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйүнүү, кубануу, көңүлү абдан куунак болуу. Бала-чакамды көрүп, эл ичине келип териме батпай жүргөн кезим («Ала-Тоо»). Абылкасымдын терисине батпай жүргөн чагы (Жантөшев). В.: Терисине сыйбоо. Анын терисине сыйбай жүргөн чагы. Мамбеткул терисине сыйбай кубанычтуу (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кордук көрсөтүп жазалоо, сазайын колуна берүү, бирди көрсөтүү. Эгер Кукем менен Токтор аке болбосо териңди тескери сыйрат элем, күчүк, – деп Алымкулга окурая карады (Абдукаримов). В.: Терисин сыйруу. Сениби, сенин териңди сыйырбасамбы? – деп, Айдараалы анын артынан колун булгалады (Абдукаримов). Терисин тетири сыйруу. Капаска салып тирүүлөй Терисин тетири сыйырса (Осмонов). Терисин тескери союу. Түш алдыма, териңди тескери сойбосом!

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кырс, сөз көтөрүмү жок, кең пейил эмес, чырт этме кыялы бар, оор басырыктуу эмес. Териси тар, мүнөзү чатак ургаачы болсо, бая эле кырс этип, кабагын салып калат эле (Сыдыкбеков). Териси тар киши экен. Териси тар немеге айта албадым («Ала-Тоо»).