этиш. 1. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү.
Суусаганда жагымдуу Балдан таттуу аккан суу (Тоголок Молдо).
Түндө мен суусаганда бул кымызды эмне үчүн мага беришкен жок (Каимов).
- 2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу. Суусап жаткан эгинди Кандырасың Ак-Буура (Аалы).
- 3. өт. Эңсөө. Куду башатка жамыраган козулардай, кыргыздын илимге суусаган балдары мектепке ашыкты (Сыдыкбеков).
хотеть пить, испытывать жажду;
күн ысык болуп, абдан суусадым день был жаркий, я очень хотел пить.
1. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү. Суусаганда жагымдуу Балдан таттуу аккан суу (Тоголок Молдо). Түндө мен суусаганда бул кымызды эмне үчүн мага беришкен жок (Каимов). 2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу. Суусап жаткан эгинди Кандырасың Ак-Буура (Токомбаев). 3. өт. Эңсөө. Куду башатка жамыраган козулардай, суусаган балдар булакты көздөй чуркашты.
имеющий потребность часто и много пить.
куница;
суусар тебетей -- кунья (с куньей опушкой) шапка;
талаа суусар -- то же, что ач күзөн (см. күзөн).
зат. Териси баалуу майда жырткыч айбан жана анын териси. Суу боюнда көрүнбөй, Суусар бойлойт жылтылдап (Осмонкул). Ичин суусар ичтетип, Тышын булум тыштатып («Манас»).
суусар (зоол.)
суусар сымалдар (зоол.)
Бул сөз суу+сар деген эки бөлүктөн турат. Анын суу дегени – азыркыча эле суу, ал эми сар дегени – иранча -сар мүчөсү, ал кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисин берет. Ошондо суусар сөзү «суулуу» дегенге барабар маани берген сөздөн келип чыгат. Азербайжан, өзбек . тилдеринде сансар сөзү да суусарды билдирет, бирок ал таштуу жердеги суусарды билдирет, анткени сан сөзү иранча санг «таш» дегенди туюнтат.
Элдин байкашы боюнча, суусардын эки түрү болот: бири тоолуу-таштуу жерде жашайт, анын төшү ак болот, экинчиси суулуу, токойлуу жерде жашайт, анын төшү сары болот. Ошондуктан алардын бири иранча сансар аталса, экинчиси түркчө суу жана иранча сар сөздөрү бириктирилип суусар аталган. Ошондой аталыштары менен бири-биринен ажыратылган. Бирок кыргыз тилинде суулуу жерде жашаганынын аты кеңири колдонулуп, аны менен таштуу жерде жашаганын да атай берүүгө өткөн.
Тянь-Шанда жашаган байыркы элдер булгунду самур деп, кундузду сувсамуру дешкен. Аны азыркы Суусамыр деген жайлоонун атынан билүүгө болот. Кундузду кырып-жоюп куруткан соң, ал жаныбардын өзү да, аты да жоюлуп, бир убакта ал жашаган жердин аты гана сакталып калган, сувсамуру деген сөз кундуз менен алмаштырылган. Булгун (соболь) менен кундуздун (выдра) айырмасы кескин болгон менен, алар байыркы кезде самур деген бир сөз аркылуу туюнтулган. Ошондой үлгүгө салып, төшүндөгү ак же сары түстүү жүнүнө карабай, суусарды бир сөз менен атоо кыргыз тилинде кабыл алынган.
Териси баалуу майда жырткыч айбан жана анын териси. Суу боюнда көрүнбөй, Суусар бойлойт жылтылдап (Осмонкул). Ичин суусар ичтетип, Тышын булум тыштатып («Манас»).
сууса этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от сууса-
вызывать жажду;
селёдка абдан суусатат селёдка вызывает сильную жажду.
сууса этишинин аркылуу мамилеси.