Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени бөлүп катып коюу, башкага тийгизбей, коротпой катуу. Куба курут, сары май Сактап жүрдүң ар дайым (Нуркамал).
2. Коргоо, кол салдырбоо, тышкы аракеттин зыяндуу таасирине учуратпоо, аман алып калуу. Жоодон сактап калкыңды, Эл алкышын ала жүр («Мендирман»). Ажалдан, ар кандай кырсыктан сактап калуу.
3. Асыроо, асырап багуу, чыгымга учуратпоо, жок кылып жибербөө. Планынан малды ашыра сактады (Осмонкул). Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет (макал).
4. Тутуу, кармоо, ойдон чыгарбоо, унутпоо. Кек сактады. Кир сактады. Эсине сактады. Атанын акыл сөзүн сакта, досум! (Шимеев). Абаңдын айткан ырларын Алтындай сактап түйүп ал (Токтогул). Тартип сакта. Адеп сакта.
5. Белгилүү бир жайда болуу, туруу. Каркылдап каздар көл сактайт, Кара ылаачын чөл сактайт (Токтогул). Алтымыш жаштан ашканда, Айылдын дөңүн сактайсың (Тоголок Молдо).
Жан сактоо к. жан I.

Киргизско-русский словарь Юдахина
хранить, оберегать, беречь;
ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет погов. кто коня бережёт, тот на коне ездит. кто шубу бережёт, тот шубу носит;
жан сакта- охранять жизнь; снискивать пропитание;
эптеп-септеп жан сактап жүрөт он кое-как живёт; живёт, перебиваясь с хлеба на квас;
көңүлгө сакта- хранить в сердце;
сары майдай сакта- беречь как зеницу ока (букв. беречь как топлёное масло);
кек сакта- см. кек;
түн сакта- см. түн I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени бөлүп катып коюу, башкага тийгизбей, коротпой катуу. Сактаса чирип дат албайт, Салмагы оор алтынды (Казыбек). Куба курут, сары май Сактап жүрдүң ар дайым (Нуркамал). 2. Коргоо, кол салдырбоо, тышкы аракеттин зыяндуу таасирине учуратпоо, аман алып калуу. Жоодон сактап калкыңды, Эл алкышын ала жүр («Мендирман»). Сен улуттун ар-намысын сактадың! Өзүңдү сен кулчулукка сатпадың (Байгазиев). Адамдарды жамандыктан сактоого, Сөзү гана Айтматовдун буралат (Акматалиев). 3. Асыроо, асырап багуу, чыгымга учуратпоо, жок кылып жибербөө. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет (макал). 4. Тутуу, кармоо, ойдон чыгарбоо, унутпоо. Кек сактады. Кир сактады. Эсине сактады. Атанын акыл сөзүн сакта, досум! (Шимеев). Абаңдын айткан ырларын Алтындай сактап түйүп ал (Токтогул). Тартип сакта. Адеп сакта. 5. Белгилүү бир жайда болуу, туруу. Каркылдап каздар көл сактайт, Кара ылаачын чөл сактайт (Токтогул). Алтымыш, жаштан ашканда, Айылдын дөңүн сактайсың (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от сакта-
беречься, оберегаться;
сактансаң, - сактаймын, сактанбасаң, - отко кактаймын погов. бережёного и бог бережёт (букв. будешь беречься - оберегу, не будешь беречься - на огне поджарю);
сактансаң, соо каларсың погов. если побережёшься, то останешься цел и невредим.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от сакта-
заставить охранять;
кир сактат- оставить у кого-л. (после себя) недоброе чувство; нанести кому-л. обиду;
кир сактатпай тууганга, кексиз болуп кетелик фольк. удалимся-ка мы без злобы, не оставив недоброго чувства у родича.