зат.1. Каттарды, газета-журналдарды, жеңил жүктөрдү, акча ж. б. бир жерден экинчи жерге жөнөтүп туруучу мамлекеттик байланыш мекемеси жана ошол мекеме жайгашкан имарат. Катты почта менен жиберүү. Почта кызматкерлери. 2. Ушундай мекеме аркылуу келген газета, журнал, кат-кабарлар. Алынган почта. Бүгүнкү почта.
ж. 1. почта; послать письмо по почте почта аркылуу кат жиберүү; 2. (корреспонденция) почта (почта аркылуу келген газета, журнал, кат, кабарлар); утренняя почта эртең мененки почта; дипломатическая почта дипломатиялык почта; получить почту кабар алуу (почта аркылуу); разносить почту почтаны, каттарды таратып берүү; 3. (почтовая контора) почта, почта конторасы; иду на почту почтага баратамын.
1. Каттарды, газета-журналдарды, жеңил жүктөрдү, акча ж. б. бир жерден экинчи жерге жөнөтүп туруучу мамлекеттик байланыш мекемеси жана ошол мекеме жайгашкан имарат. Катты почта менен жиберүү. Почта кызматкерлери. 2. Ушундай мекеме аркылуу келген газета, журнал, кат-кабарлар. Алынган почта. Бүгүнкү почта.
ПОЧТА БАЙЛАНЫШ УЮМДАРЫ – уюштуруучулук-укуктук таризине жана менчигинин түрүнө карабастан, өзүнүн негизги ишмердигинин түрү катары почта байланыш кызматын көрсөтүүнү ишке ашырып келе жаткан юридикалык жактар.
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫ – почта жөнөтүмдөрүн, акча каражаттарын которумдарды кабыл алууну, иргөөнү, ташууну жана жеткирүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле мезгилдүү басма сөздү, бааракыларды, жөлөкпулдарды, дайындуу башка төлөмдөрдү келишимдик негизде жеткирип берүүнү уюштуруучу мекемелердин жана унаа каражаттарынын бирдиктүү технологиялык тармагы. КРдин бүткүл аймагында почта жөнөтүмдөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденген.
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН АРТАРАПТУУ КЫЗМАТЫ – почта байланыш кызматынын кат-кабарларды, акча каражаттарын, почта жана телеграф которумдарын кабыл алуу, иштеп чыгуу, ташуу, жеткирип берүү боюнча өлкөнүн аймагындагы пайдалануучуга жалпыга жеткиликтүү тарифтер боюнча кызмат көрсөтүүсү.
ПОЧТА БАЙЛАНЫШЫНЫН ОПЕРАТОРУ – почта байланыш тармагын иштетүүчү жана почта байланыш кызматын көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жак. П. б. о.байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиялык макулдашуунун негизинде аракеттенет.
mail delivery service (noun)
A type of information service used to configure Outlook (and other messaging programs) to send and receive e-mail. For example, with an Internet mail delivery service you send and receive messages over the Internet in Outlook.
ПОЧТА ЖӨНӨТҮМДӨРҮ – почта операторлору тарабынан өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары ташуу жана жеткирүү үчүн берилген каттар, почта карточкалары, бандеролдор жана чакан пакеттер, посылкалар, почта контейнерлери, тийиштүү таңгактагы мезгилдүү басылмалар.
ПОЧТА ЖӨНӨТҮҮЛӨРҮН, ТЕЛЕГРАФТЫК ЖАНА БАШКА БИЛДИРҮҮЛӨРДҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ – түздөнтүз почта-телеграфтык мекемелерде ыкчам-иликтөө органдарынын тапшыруусу боюнча текшерилүүчүнүн (шектүүнүн) кылмыш иштери тууралуу маалымат табуу, анын байланыштарын аныктоо жана маалымат алуу максаттарында белгилүү кат-кабарларды жашыруун карап чыгуу. Конкреттүү адамга даректелген же андан кеткен, ошондой эле конкреттүү дарекке келген же андан чыккан кат-кабарлар көзөмөлдөнүшү мүмкүн.
ПОЧТА ИНДЕКСИ – почта жөнөтүмдөрүн кабыл алууну жана жеткирүүнү ишке ашыруучу почта байланыш объектисине ыйгарылуучу, почта дарегинин шарттуу сандык белгилери.
зат. Почта тарабынан таркатылуучу кат, газета, журнал ж. б. ташуучу киши, почточу. Менин фамилиямды качан чакырар экен деп, Мусабек почтальонду чыдамсыздык менен жал-жал карайт (Абдумомунов).
ПОЧТА ТӨЛӨМДӨРҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БЕЛГИЛЕРИ – почта жөнөтүмдөрүнө жабыштырылуучу жана почта кызмат көрсөтүүлөрү төлөнгөнүн ырастоочу почта маркалары ж. б. белгилер.