Киргизско-русский словарь Юдахина
время; сезон; момент;
кышкы мезгил зимний сезон;
мезгил учат время летит;
мезгил-мезгили менен күн жаайт временами осадки;
мезгил-мезгили менен булут каптайт переменная облачность;
күн мезгилин алган жок, түн мезгилин алган жок он днём покоя не знал, он ночью покоя не знал.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир убакыт; учур, маал. Мезгил өткөн сайын чоң эненин санаасы алда нече бөлүндү. (Сыдыкбеков). Эртең жайлоого көчөбүз деп турган мезгил (Абдумомунов).
Мезгил мезгили менен — кээде, кезек-кезек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир убакыт; учур, маал. Мезгил өткөн сайын чоң эненин санаасы алда нече бөлүндү (Сыдыкбеков). Эртең жайлоого көчөбүз деп турган мезгил (Абдумомунов). Ата-журттун ар мезгили эң кымбат, кыйып таштап кете албаймын силердей (Султанов). Мезгил-мезгили менен. Кээде, кезек-кезек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЗГИЛДҮҮ АЛЫМ – товарлардын ташылып кирүүсү менен ташылып чыгуусун ыкчам жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү бажы алымынын түрү. Ошону менен бирге, бажы тарифинде каралган бажы алымдарынын чени кодонулбайт. М. а-дын аракет мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЗГИЛДҮҮ БАЖЫ ЖАРНАГЫ – бир эле жакка тийешелүү бир эле товарлар менен унаа каражаттарынын такай кирип-чыгуусунда КР бажы органдары белгилүү бир мезгил аралыгында КР бажы аймагына кирип-чыгуучу баардык товарлар менен унаа каражаттарына бир гана жарнак берүүгө улуксат кылат. М. б. ж-н берүү тартиби менен учуру КР мыйзамдары тарабынан аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЗГИЛДҮҮ ЖУМУШЧУ – КРдеги жаратылыш жана табигый шарттарга байланыштуу 6 айлык мөөнөттөн ашпаган белгилүү бир мезгил аралыгында (мезгилдүү) жумушка алынгандар. М. ж-га эмгек жөнүндөгү мыйзамдар менен атайын мыйзам актыларында белгиленген ченемдер колдонулат. Мезгилдүү жумуштардын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болжолдуу мезгилден мурда, өз убагына жете электе. Аттиң ай, Алымкулдун атасынын мезгилсиз кеткени жигиттин белин майыштырып турбайбы (Абдукаримов). Дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. 2. Шарт жок кезде беймаал убакта. Мезгилсиз келип калыптырмын ээ? Алыс эмес короодон мезгилсиз кыйкырган короздун үнү чыгат (Жантөшев).