Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Колдун жана буттун салаа-салаа болуп кеткен эң акыркы кыймылдуу бөлүктөрү, кыймылдуу шакшактары. Апакай колунун кичинекей манжаларын бирден бүктөп жумуп, бирден ачып, санап чыкты (Таштемиров).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Колдун же буттун салаа-салаа болуп турган бөлүктөрү манжа делет. Бул сөз иранча панч «беш» сөзүнөн келип чыгат. Ошондуктан кээде анын кыргызча котормосун дагы кошуп, беш манжа деп да коёбуз. Ал эми кара манча калды деген учурда да ошол эле панч сөзүнүн ч тыбышы менен айтылган вариантын колдонобуз. Иранча п тыбышы кыргызча м тыбышына өтүп кабыл алынган. Иранча тыбыш кара манча деген учурда ч болуп, манжа дегенде ж болуп кабыл алынган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колдун жана буттун салаа-салаа болуп кеткен эң акыркы кыймылдуу бөлүктөрү (кыймылдуу шакшактары). Апакай колунун кичинекей манжаларын бирден бүктөп жумуп, бирден ачып, санап чыкты (Таштемиров).