Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Билим. Маалыматы орто. Маалыматы жогору.
2. Жыйналган, алынган кабар, топтолгон кабарлардын, билдирүүлөрдүн жыйындысы. Ар кайсы малчыдан маалымат жыйып, Сатар экөөбүз бетин толтурганбыз (Бейшеналиев). Маалымат боюнча ошол жактын келечеги кең (Ашубаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
маалымат (маалумат
эмес), маалыматы, маалыматты
маалымат агенттиги
маалымат баасы
маалымат базасы (ук.)
маалымат банкы
маалымат борбору
маалымат жабдуусу
(комп.)
маалымат коому (комп.)
маалымат коопсуздугу
(комп.)
маалымат көлөмү (комп.)
маалымат маданияты
(комп.)
маалымат мониторинги (комп.)
маалымат монополизми (экон.)
маалымат объектиси
(комп.)
маалымат процесси
(комп.)
маалымат ресурстары
маалымат рыногу (экон.)
маалымат сайты (комп.)
маалымат системасы
(комп.)
маалымат согушу
маалымат стратегиясы
(экон.)
маалымат тактыгы (комп.)
маалымат технологиясы (комп.)
маалымат ээси (комп.)
маалыматтарды издөө
маалыматтардын жеткиликтүүлүгү (экон.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыйналган, алынган кабар, топтолгон кабарлардын, билдирүүлөрдүн жыйындысы. 2. Билим. Маалыматы орто. Маалыматы жогору. Ар кайсы малчыдан маалымат жыйып, Сатар экөөбүз бетин толтурганбыз (Бейшеналиев). Маалымат боюнча ошол жактын келечеги кең (Ашубаев).

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
American Standard Code for Information Interchange (proper noun)
A standard single-byte character encoding scheme used for text-based data. ASCII uses designated 7-bit or 8-bit number combinations to represent either 128 or 256 possible characters. Standard ASCII uses 7 bits to represent all uppercase and lowercase letters, the numbers 0 through 9, punctuation marks, and special control characters used in U.S. English. Most current x86-based systems support the use of extended (or "high") ASCII. Extended ASCII allows the eighth bit of each character to identify an additional 128 special symbol characters, foreign-language letters, and graphic symbols.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
База данных (Data base) —1) Совокупность данных и/или числовых значений показателей, используемых при анализе и расчетах; 2) некоторый набор перманентных (постоянно хранимых) данных, используемых прикладными программными системами.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТ БАЗАСЫ (КОРУ) (фр. base – негиз) – ЭЭМдин жардамы менен керектүү учурда таап алып, кайра пайдалануу үчүн бир нукка салынган маалыматтардын (м.: статьяларды, эсептерди ж. б.) уюштуруунун жана жыйындысын берүүнүн жалпы таризи.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Угроза информационной безопасности (Threat of information safety) —Потенциально возможные воздействия на информационную систему, которые могут нанести прямой или косвенный ущерб пользователям информационной системы.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТ КОРУ – адам ишмердигинин белгилүү тармагында борборлоштуруп сактоого эсептелген маалыматтарды жамаатык пайдалануу жана сактоонун программалык, маалыматтык жана техникалык каражат-тарынын жыйындысы, ошондой эле файлдар же өзара байланышпаган маалыматтар кору түрүндөгү маалыматтардын өзү.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Информационная система (Information system) —1) Автоматизированная система ввода, обработки, передачи и хранения электронной информации. К информационной системе также относится функция печати электронной информации на бумажном носителе. 2) Взаимосвязанная совокупность средств, методов и персонала, используемых для хранения, обработки и выдачи информации для достижения поставленной цели. Информационная система содержит автоматизированные и неавтоматизированные процессы хранения, обработки и выдачи информации.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Существенность информации (Significance of the information) —Информация считается существенной, если ее пропуск или искажение могут повлиять на суждения и принимаемые решения пользователями.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТАШТЫРУУ – маалымат ресурстарын, маалымат технологияларын иштеп чыгуу, түзүү, өздөштүрүү жана пайдалануу; коомдук жашоонун баардык чөйрөлөрүндө маалымат ресурстарын калыптандыруу жана пайдалануу жолу менен айрым жарандардын, алардын бирикмелеринин, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, бүтүндөй жалпы коомдун маалыматтык керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган ишмердикти уюштуруу, илимий-техникалык, социалдык, өндүрүштүк-экономикалык компоненттерин жана жыйынтыктарын камтыган жүрүм.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Аутентификация информации (Authentication) —Подтверждение подлинности и целостности информации, содержащейся в документе. Аутентификация может осуществляться как на основе структуры и содержания документа или его реквизитов, так и путем реализации криптографических алгоритмов преобразования информации. Доказательная аутентификация информации осуществляется анализом (экспертизой) подписей должностных лиц и печатей на бумажных документах или проверкой правильности электронной цифровой подписи (ЭЦП).  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК ИНФРАТҮЗҮМ (маалыматташтыруу инфратүзүмү) – мамлекеттин маалымдоо тармагынын иштөөсүн камсыз кылуучу маалымат базаларынын жана банктарынын, байланыш тармактарынын, маалымат борборлорунун жана башка маалымат таратуу түзүмдөрүнүн жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК РЕСУРСТАРДЫН, МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН, МААЛЫМАТТЫК ТУТУМДАРДЫН МЕНЧИК ЭЭСИ – ушул объекттерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна ээ болгон субъект.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Информационный терминал (Information terminal) —Аппаратно-программный комплекс (устройство), предназначенный для просмотра состояния счёта и текущих платежей, получения выписок по счетам в пределах своей компетенции, получения из банка электронных копий документов по зачислению средств на счета клиентов.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫК-УКУК ТУТУМУ – ЭЭМге коюлуучу укуктук маалыматтардын автоматташтырылган банкы. Ал атайын программалардын жардамы менен аргандай издөө (документтин аталышы, кабыл алынган убактысы, ченемдик актынын түрү боюнча актыларды издөө) иш-милдеттерди аткарууга жөндөмдүү. Азыркы М. у. т. жеке программалык кабыкчадан жана ага туташтырылган түрдүү маалымат топтомдорунан турат (м.: укук тармактары боюнча). М. у. т-нда камтылган маалыматтар ырасмий мүнөзгө ээ болбойт. Аны маалымдама максатында гана колдонууга болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТТЫН ПАЙДАЛАНУУЧУСУ (КЕРЕКТӨӨЧҮСҮ) – өзүнө зарыл болгон маалыматты алуу үчүн маалымат тутумуна же анын ортомчусуна кайрылган жана аны пайдаланган субъект.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТ УКУГУ – маалыматты түзүү, колдонуу, таратуу жана коргоо (маалымат корун) тармагындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу жаатында пайда болгон укук ченемдеринин түзүлгөн тармактар аралык топтому. Жалпы мыйзам ичинен М. у-н бөлүп көрсөтүү чарасы атайын биргелешип жөнгө салууну талап кылган азыркы коомдун жапырт маалыматташуусуна жана маалымат мамилелеринин зарылдыгынын өсүшүнө байланыштуу келип чыккан. Электрондук гана эмес, баардык түрдөгү маалыматтар камтылгандыктан, компьютердик укукка караганда «М. у.» түшүнүгү кыйла кеңири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МААЛЫМАТ ЭРКИНДИГИ – конституциядагы бүтүндөй укук менен эркиндиктердин тобун камтый турган түшүнүк: сөз эркиндиги (өз оюн айтуу эркиндиги), басмасөз ж. б. жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, коомдук мааниге ээ болгон маалыматтарды алуу эркиндиги, баардык мыйзамдуу ыкмалар аркылуу маалымат таратуу эркиндиги. Цензурага тыюу салуу, өз оюн айтууга мажбурлоого, ошондой эле андан баштартууга тыюу салуу М. э-нин өтө маанилүү кепилдиги болуп саналат. Социалдык, улутчулдук, расалык, диний көралбастык менен жоолашууга түртүүчү баардык үгүт-насыят иштерине, ошондой эле социалдык, расалык, улуттук, диний же тилдик артыкчылыкты үгүттөөгө тыюу салуу М. э-нин башкы чектөөсү болуп эсептелет. Өзгөчө кырдаалдын же согуш кырдаалынын же мыйзамда белгиленген учурларда М. э. чектелиши мүмкүн.