Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Белгилүү, көзгө көрүнөрлүк, таанымал. Силердей эле мотураңдап окуп жүрүшүп, эми республиканын көрүнүктүү адамдары болуп отурган агайларыңар эң эле көп («Жаш ленинчи»). Вера.. уйлардын сүт продуктуулугун жогорулатууда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүнүп тургудай, ачык, көрүнө, издегенде, керек болгондо оңой таап алгыдай. Буюмду көрүнүктүү жерге коюу. 2. Эмгеги, атагы ж. б. элге белгилүү, көпчүлүккө дайын, атагы чыккан, таанымал. Силердей эле мотураңдап окуп жүрүшүп, эми республиканын көрүнүктүү адамдары болуп отурган агайларыңар көп («Жаш ленинчи»). 3. Көзгө көрүнөрлүк, олуттуу, маанилүү деп айтарлык, мактоого татырлык. Асылкан уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти.