көркоо Киргизско-русский словарь Юдахина ир.1. шакал;2. миф. вурдалак;3. перен. кровожадный;көркоо иттер кровожадные псы.
көркоо Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр). Көркоо карышкыр укту, Жүрөгү чыкты (Шүкүрбеков). 2. өт. Эзүүчү, зулум, жегич. Жүзбай пейли бузук.. ичи тар.. көркоо адам болучу (Каралаев).
көркоо Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев) көркоо көркоо коңуздар (зоол.) көркоо шакылдак (зоол.)
КӨРКОО Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр). 2. өт. Элге ырайымы жок эзүүчү, зулум, эл жегич. Кедейлердин акысын Көркоо байлар жеп койчу (Токтогул). Жүзбай пейли бузук, көзү заар, көркоо адам болчу (Каралаев).
КӨРКОО КОҢУЗДАР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Узундугу 10–40 мм келген тери менен азыктанган коңуздун бир түрү. Көркоо коңуздардын түсү кара, канат жапкычтарында сары тактар же сызыктары болот.