Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Суу токтогон жер, чуңкур. Кыштын күнү арыктардан суу акпай, элдин баары көлмөлөргө гана карап калышат (Абдукаримов). Көлмөдө чардап жаткан бакалардын.. дабышын укканда.. өзүңдү ополоң-тополоңдун арасында жүргөндөй сезесиң (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Суу топтогон жер, суу толтурулган чуңкур, көлчүк. Кыштын күнү арыктардан суу акпай, элдин баары көлмөлөргө гана карап калышат (Абдукаримов). Көлмөдө балык асыроо иши бул айылдын маанилүү чарбаларынын бири болуп калды («Кыргыз Туусу»).