Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Күлүүгө жакындаган мүнөздө, жайдары, жылмайыңкы көрүнүштө болуу. [Мамбетовдун] эриндери күлүмсүрөп, суйдаң каштары жазыла түштү (Бейшеналиев). Яша кубангандай күлүмсүрөп ордунан турду (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
улыбаться;
эр өлүмгө күлүмсүрөп барат погов. молодец на смерть идёт улыбаясь (т.е. без страха);
күлүмсүрөй карады он посмотрел с улыбкой;
сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он усмехнулся левым углом рта.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күлө багып жылмаюу, күлүңдөгөн, жылмайыңкы тарткан көрүнүштө болуу. Бактыяр күлүмсүрөп, Алтын эжеге карады. Алда эмнеге кубангансып, Сабийра күлүмсүрөп сүйлөдү (Сыдыкбеков). 2. өт. Жадырап-жайнаган жаркын, кубанычтуу көрүнүштө болуу. Көчөнү бүт гүл басты, Күлүмсүрөп таң атты (Токобаев). Гүлнур сүрөткө дайым күлүмсүрөп түшөт.