Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Аялдын эри (аялына карата). Жаш келиндин ушул мүнөзү күйөөсүнө бөтөнчө жага турган (Сыдыкбеков). Аркы отурган Зубайданын күйөөсү Итике (Убукеев).
2. Кыздын кудалаган жигити жана турмушка чыккан кыздын, аялдын эри(кыздын өзүнөн улуу ага-туугандарына, эжежеңелерине карата).
¨ Күйөө бала — күйөө менен бирдей (2-маанисинде). Күч күйөө — кыздын үйүндө жүргөн күйөө. Күйөө жолдош к. жолдош.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Азыркы кыргызча күйөө сөзү байыркы түрк тилинде күдөгү түрүндө болгон (ДТС 1969:324). Ал күд+өгү бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түркчө күд этиши «1) сактоо, кароо, багуу; 2) багуу, кайтаруу» маанисин берген (ДТС 1969:322). Ошол этишке зат атооч жасоочу –агу мүчөсү жалганып, күдөгү сөзү келип чыккан. Бул мүчө жалгануудан келип чыккан сөз «багылган, кайтарылган» дегенге жакын маани берген. Анткени күйөө бала байыркы монголдордо, түрктөрдө белгилүү мөөнөткө чейин кайын атасынын үйүндө жашаган. Ошол кезде аны бирөө өлтүрүп кетпесин үчүн мейман катары кастарлап күтүп алган. Ушул себептен байыркы түркчө күдөн «конок, мейман» сөзү менен күдөгү «күйөө» сөзү бир уӊгудан келип чыккан. Анткени конок да, күйөө да багууда, кайтарууда болгон. Алар майып болуп калса, үй ээси айыпка жыгылып, эки уруу элдин кагылышына алып келген.» (Сейдакматов 1988:166-167).

Киргизско-русский словарь Юдахина
южн. күйөв
1. жених;
күйөө келсе, кыз даяр погов. придёт жених - невеста готова (мы готовы, дело за вами);
2. молодой муж;
күйөвү аскерге кеткен её муж ушёл в солдаты;
күйөөгө берүү выдача замуж;
күйөөгө жетпей, кыз тынбайт погов. девица не успокоится, пока не добьётся мужа;
былтыры күйөвгө чыгыпты она в прошлом году вышла замуж;
3. зять (в отношении всех старших родственников и родичей жены; ср. жезде);
күйөө бала молодой муж (в отношении старших родственников своей жены);
күйөв таңар (или кыз таңар или бут басар) южн. этн. свадебный обычай: в день свадьбы жених и невеста с завязанными глазами стараются наступить друг другу на ногу; кто первым наступит, тот и будет главенствовать в доме (напоминает примету у русских при венчании);
күч күйөө ист. примак, влазень (мужчина, который, не имея средств на калым, жил и отрабатывал в доме будущего тестя, а после свадьбы оставался жить у него);
күч күйөө болуп кирди он вошёл в дом тестя (тёщи) примаком;
менин пейилим жактырбайт, күч күйөө болуп алышка фольк. нрав мой не позволяет взять (жену и быть) на положении примака;
күйөөдөй кылтыйып турат стоит он скромненько и молчит (будто зять в доме тестя; в старом быту зять в доме тестя должен был вести себя очень скромно);
өз үйүндө күйөөдөй болуп отурат он (даже) в своём доме больше молчит;
күйөө баштык см. баштык II;
күйөө жолдош см. жолдош I 2.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
өрмөктү чаташтырбай согуу үчүн жиптерди чыбыкка үстүнөн топ-топ кылып байлоо. Андыктан эриш жиптин ортосундагы жиптерди арбыныраак, четки жиптерди аз аздан бириктирип байлайт.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча күйөө сөзү байыркы түрк тилинде күдөгү түрүндө болгон (ДТС, 324). Ал күд+өгү бөлүктөрүнөн куралган. Байыркы түркчө күд этиши «1) сактоо, кароо, багуу; 2) багуу, кайтаруу» маанисин берген (ДТС, 324). Ошол этишке зат атооч жасасоочу -агу мүчөсү жалганып, күдөгү сөзү келип чыккан. Бул мүчө жалгануудан келип чыккан сөз «багылган, кайтарылган» дегенге жакын маани берген. Анткени күйөө бала байыркы моңголдордо, түрктөрдө белгилүү мөөнөткө чейин кайын атасынын айлында жашаган. Ошол кезде аны бирөө өлтүрүп кетпесин үчүн мейман катары кастарлап күтүп алган. Ушул себептен байыркы түркчө күдөн «конок, мейман» сөзү менен күдөгү «күйөө» сөзү бир уңгудан келип чыккан. Анткени конок да, күйөө да багууда, кайтарууда болгон. Алар майып болуп калса, үй ээси айыпка жыгылып, эки уруу элдин кагылышына алып келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күйөөлөп барган, күйөө боло турган жигиттин жанында жүрүп, ар кандай ырым-жырым иштерине кийлигишүүчү жолдошу. Күйөө жолдош демек сөз, Бизге мурас калыптыр («Манас» С. О.). Кыз-күйөөнүн берки маңдайында күйөө жолдош (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аялдын эри (аялына карата). Кишимжандай сулуунун, Байназар болду күйөөсү (Үсөнбаев). Канчайым күйөөсүнүн табы жоктугун жакшы түшүндү (Каимов). Жаш келиндин ушул мүнөзү күйөөсүнө бөтөнчө жага турган (Сыдыкбеков). 2. Кыздын кудалаган жигити жана турмушка чыккан кыздын, аялдын эри (кыз тарапка, кыздын өзүнөн улуу ага-туугандарына, эже-жеңелерине карата). Туюнбай барып сынайлык, Күйөө болчу баланы («Курманбек»). Кокус, күйөө күйөөлөп келсе кантебиз? Кийинтсең боло кызыңды, – деди Татыгүл Казатка (Сыдыкбеков). Сапек старчын өткөн жылы Калтабайды күйөө кылууга ашыкты. (Токомбаев). Мал арбыды жүдөдүм, Тогуз кызга тогуз уул, Күйөө таап ала албай, Күйүт тартып жүрөмүн («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Күйөө колуктусун алганга чейин колуктусунун үйунө баруу. [Кайыр] колуктусуна күйөөлөп бараткада кекенип жүргөн адамдар кармап алышып, жүрөгүнө канжар уруп.. кетишкен экен (Аалы). Капыстан кабар жетти жеңечеден «Күйөөлөп Абдырахман келди» деген (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. этн. посещать невесту на правах жениха и ночевать у неё (на это испрашивалось предварительное согласие родителей невесты; ср. күйөөлөш-);
2. перен. развлекаться, получать удовольствие;
мал көздөп жүрдү, күйөөлөп жүргөнү жок он скот пас, а не развлекался (букв. не к невесте ездил).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кудалашып койгон колуктусуна күйөөлүк жолу менен барып туруу, салт боюнча колуктусу менен белгилүү убакка чейин бирге болуп, үйүнө келип-кетип туруу. Күйөөсүнүн эмдигиче күйөөлөп келбегени жаман төлгө (Сыдыкбеков). Бечара чоң энебиз кызы Данаканга сөйкө салынганын, күйөө күйөөлөгөнүн кандын балдарына сездирбейт (Сыдыкбеков).