Киргизско-русский словарь Юдахина
Кызыр I
то же, что Кыдыр I;
Кызыр чалган или Кызыр колдогон или Кызыр конгон сопутствуемый удачей, удачливый;
өмүрүңөр узун болсун, жолдошуңар Кызыр болсун! живите долго, пусть вам сопутствует Хизр!
кызыр II
то же, что кысыр.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫР, Кыдыр (арабча хызыр — жашыл деген мааниде) — адамдарга жакшылык кылуучу олуя. Түрк, иран элдеринин жомокторунун байыркы кейипкерлеринин бири, көбүнчө жашыл тончон, ак ат минген аксакал карыя түрүндө сүрөттөлөт. Бул табышмактуу пайгамбар өлбөстүн дарысын издеп, акыры мүрөктүн суусунун булагын тапкан экен. Орто Азия элдеринин түшүнүк, ишениминде К. түбөлүк жер кезүүчү, адашкан жолоочуларга, кедей-кембагалдарга жана кыйын кезеңге туш келген бардык пенделерге жардам көрсөтөт. К. жолоочу дубана, майып киши, кээде тааныш кишинин кебетесинде кездешет. К-ды оң колун кармап, анын баш бармагынын сөөгү жок экенинен таанууга болот деп эсептешкен. Түрк элдеринин эпосторунда К. акылман карыя, баатырлардын колдоочусу катары айтылат. «Манас» эпосунда бул кейипкер баш каарман Манаска, башка элдик баатырларга колдоо көрсөтүүчү катары учурайт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫР ИЛИЯС — кудуреттүү күчкө ээ, касиеттүү колдоочу. «Манас» эпосунда кырк чилтен менен бирге Манастын колдоочуларынын бири катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 114). Илияс — куранда пайгамбар. Сууга аккандарга, чөккөндөргө жардам кылат. Семетейди Үргөнчтөн кечүүгө жардам бергени, колдогону сүрөттөлөт: «Суунун пири Илияс Азыр акең жар болуп, Ошол жерде бар болуп, Семетейди жылоосунан алды дейт» (Кол жазмалар фондусу, 176-инв., 114-б.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кыжырдануу, жини келүү, туталануу. Тоотору тулпар ат минип,.. Кызырканып эр Кыяз Мыктап кирип барды эле («Сейтек»). [Сейтек] Жай-жарагын шайланды, Кызырканып кыраан уул Кыныжок кылыч байланды («Сейтек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
раздражаться, злиться, свирепеть;
кызырканган үн менен раздражённым голосом;
кызырканып, эр Кыяз мыктап кирип барды эле фольк. рассвирепев, богатырь Кыяз со всей силой вступил в схватку.