Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЛОО – эгер бул жосундар жеке пайдакечтик же башка өздүк кызыкчылыктардан улам жасалса, мамлекеттик бийликке жана мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын мүдөөлөрүнө каршы кылмыш, кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматкер же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын кызматкери тарабынан ырасмий документтерге жалган экендиги дайын маалыматтарды, ошондой эле документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалоочу оңдоолорду киргизүүдө турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ЖЕР АЯНТЫ – мамлекеттик жана коммуналдык жер пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине КР жер мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарылган жер участоктогу. К. ж. а. жер участогун убактылуу акысыз пайдалануунун өзгөчө бир түрү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК (кесиптик) ЧЕНТАЛАП – руханий даражасына же кесиптик ишмердигине, ээлеген кызмат ордуна карата жарандардын шайлоо укугун чектөөчү шайлоо мыйзамынын жобосу. Алып айтсак, баардык Латын Америка жана Африка өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө аскер кызматчыларынын, полиция жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин добуш берүү укугу жок, Мексикада, Парагвайда жана Таиландда дин кызматкерлери солгун шайлоо укугуна ээ эмес. К. ч. эреже катары, бир катар кесиптердин мүнөзү принцибинде саясий турмушка жигердүү катушуу же депутаттык мандатка ылайык келбегени менен жүйөлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК КУРАЛ – мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына, ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерине өзүн өзү коргоо, же болбосо жарандардын өмүрүн жана денсоолугун коргоо, менчикти сактоо, табигый жана жаратылыш байлыктарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын кат-кабарларды кайтаруу боюнча өздөрүнө мыйзам аркылуу жүктөлгөн милдеттерин аткарууда пайдалануу максаттарында алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга КРдин мыйзамдары тарабынан улуксат берилген курал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча мамлекеттик же муниципалдык органдардын ойдогудай иштөөлөрүнө тоскоолдук кылган кылмыш. Эгер 2 белги: күнөөлүү кызмат адамы болуп эсептелсе, ал эми анын жасаган коомдук коркунучтуу аракети (аракетсиздиги) анын кызмат абалы менен байланышкан болсо кызматтык кылмыш катары таанылат. Аларга коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, пара-сатып алуу, пара-сыйакы алуу, кызматтык документтерди оңдоо, шалаакылык ж. б. кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ОЙЛОП ТАБУУ – кызматкер тарабынан өзүнүн кызмат милдеттерин же жумуш берүүчүнүн дайындуу тапшырмасын аткарууда жаратылган ойлоп табуу, пайдалуу модель, өнөржайлык үлгү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК СЫР – таркалып кетүүсү өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн болгон маалыматтар. Мындай маалыматтар мамлекеттик же аскердик сырга кирүүчү айрым бир маалыматтардан турат, жана алар толук ачыкка чыгарылбайт.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук
Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Марат уулу Талгаттын Конституциялык, Адилеттщщ соттук териштщрщщ, жактоочунун кызматынан пайдалануу жана эркин жщрщщгё болгон укуктарынын одоно тщрдё бузулгандыгы аныкталган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ТУРАКЖАЙ – өздөрүнүн эмгек мамилелеринин мүнөзүнө байланыштуу иштеген жеринде же ага жакын жерде жашоого тийиш болгон жарандарды киргизүүгө арналган туракжай. К. т. анын менчик ээси болгон (аны тескеген) уюмдун жетекчи органдарынын чечими менен, жалдоо келишиминин негизинде, эмгек келишими түзүлгөн убакытка берилет. Жалпы эрежеге ылайык, уюм менен мамилелерин токтоткон кызматкерлер К. т. өздөрү менен бирге жашаган адамдар менен чогуу, башка туракжай берилбестен чыгарылууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ЧЫГАРМА – эмгек келишими боюнча, өзүнүн кызмат милдеттеринин (кызмат тапшырмасынын) алкагында автор тарабынан жаратылган адабий, илимий же көркөм өнөр (искусство) чыгармасы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗМАТТЫК ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДАН АШАЧАБУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын кызыкчылыктарына каршы жасалган кылмыш; кызмат адамы тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чектеринен ашачапкан жана жарандардын же уюмдардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын, же болбосо коомчулуктун же мамлекеттин мыйзам тарабынан коргоодогу кызыкчылыктарынын олуттуу бузулуусуна алып келген аракеттерди жасоосунда турат.