Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сосед;
коншу өлкөлөр соседние страны;
короо-коңшу соседи с близкими друг к другу загонами;
2. ист. бедный сосед (экономически зависимый от богатого);
бириң коңшу, бириң малай жүрдүңөр один из вас "соседом" был, другой - батраком;
коңшу-колоң или южн. колу-коңшу ист. общее название всех тех, кто находился в непосредственной экономической зависимости от богача.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Айлы, үйү, турган жери бири-бирине кошуна. Кечээ коңшу колхоздо кызыктуу лекция окулду (Бейшеналиев). Сабитахунга ал коңшу туруучу (Баялинов).
¨ Коңшу-колоң — бир айылда же бири-бирине жакын, кошуна жашаган адамдар. Коңшу-колоңдор, жакын туугандар үйгө толду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Айлы, үйү турган жери жанаша, бири-бирине жакын, кошуна. Коңшу айыл. Коңшу үй. || Кошуна жашаган адам, кошуна кишилер. Артазак өзүнүн коңшусу менен бир кыйла дурус мамиледе болуучу (Абдукаримов). 2. тар. Бай, оокаттуу кишиге жакын жашап, ага көз каранды болуп күн өткөргөн кедей, кембагал адам. Бириң коңшу, бириң малай, Бириң кулдай жүрдүңөр (Токомбаев).