зат. Саясий жана экономикалык жактан толук баш ийдирүү саясаты, экономикалык жагынан начар өнүккөн өлкөнү империалисттик державалар тарабынан колонияга айландыруу саясаты.
Бир өлкөнү экинчи бир өлкөгө саясий жана экономикалык жактан толук баш ийдирүү, экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөнү империалисттик державалар тарабынан колонияга айландыруу саясаты.
(биол.) колониялуу организмдер; жыныссыз көбөйгөндө тукумдары энелеринен ажырабай жашай берүүчү суу организмдери. Колонии временные (экол.) — убактылуу колониялар, күнүмдүк колониялар; к. мономорфные (экол.) — мономорфтуу колониялар; к. моноподиальные (экол.) — моноподийлүү колониялар; к. мутовчатые (экол.) — шыпыргы сымак колониялар; к. полиморфные (экол.) — полиморфтуу колониялар; к. постоянные (экол.) — туруктуу колониялар; к. симподиальные (экол.) — симподийлүү колониялар; к. стелющиеся (экол.) — төшөлгөн колониялар; к. стелющиеся эпифиты (экол.) — эпифитколониялар.
ж. колонизация, колонизациялоо (1. жергиликтүү элди жеңип алып, эксплуатациялап, кыйнап, өлкөнү же крайды империалисттик өлкөнүн колониясына айландыруу; 2. колонисттерди жаңы жерге, өз өлкөсүнүн четине орноштуруу).
1. Башка бирөөнүн жерин, элин басып алуу, аны зордук менен колонияга айландыруу. 2. Өз жеринен тышкары жактагы бош жерлерге көчүп барып орношуучулук, колонисттерди орноштуруу, орду-ордуна жайгаштыруу иши.
АБАК-ЖАТАКТАР – этиятсыздыктан жасалган кылмыштары үчүн 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган соттолуучулар (эркектер жана аялдар) жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, ошондой эле жалпы, күчөтүлгөн жана катуу режимдеги түзөтүү жайларынан КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жана негизде которулган соттолуучулар жаза мөөнөттөрүн өтөөчү түзөтүү жайларынын түрү.
зат.1. Империалисттик мамлекет тарабынан күч менен басылып алынган жана эксплуатацияланган өлкө.
2. Түрлүү себептерге, максаттарга (дарылоо, түзөтүү ж. б.) карата ыйгарылып топтолгон адамдардын туруучу жайы. Дудуктар колониясы. Балдар колониясы. колониялыксын. Колонияга таандык.
колония I ж. колония (империалисттик мамлекеттер тарабынан басып алынып, эзилип жана зксплуатацияланып жаткан өлкө). колония II ж. 1. (сообщество земляков) колония (кандайдыр бир улуттун чет элдик шаарга же башка өлкөгө көчүп барып, ал жерде чогуу турган адамдары); 2. колония (бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө көчүп барган адамдардын турган жери); 3. (общежитие людей) колония (адамдар атайын тура турган жай); колония глухонемых дүлөй-дудуктардын тура турган колониясы; 4. зоол. колония (бири-бирине жабышып жашоочу жаныбарлардын түркүмү); колония кораллов кораллдардын колониясы.
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.
1. Күч менен, зордук-зомбулук менен басылып алынган жана ээленген өлкө. Империалисттик мамлекеттердин колониялары. 2. Башка өлкөдөн же областтан көчүп келип, белгилүү бир мамлекеттин же областтын территориясына орношкон калктын ошол аймактагы турагы, жашаган кыштактары. Немецтердин падышалык Россиянын жериндеги колониялары, Кара деңиз жээктериндеги байыркы гректердин колониялары. 3. Түрдүү максаттарга ылайык атайын жайгаштырылган адамдардын тобу туруучу жай, турак. Кылмышкерлердин колониясы. Балдар колониясы.
ж. 1. колонка (ваннага суу жылыта турган аспап); газовая колонка газ колонкасы; 2. колонка (газетанын мамычалары; узатасынан кеткен тилкелери); писать в две колонки эки колонка кылып жазуу.
зат.1.архит. Имараттардын таштан, цементтен ж. б. материалдардан жасалган бийик тирөөчтөрү.
2. Адамдардын же башка нерселердин бир нече катар болуп жана биринин аркасынан бири тизилип чубалган узун тизмеги. Физкультурниктер колоннасы. Танкылар колоннасы.
ж. колонна (1. архит. таштан, металлдан жасалган чоң баганалар, тирөөчтөр; 2. воен. аскер бөлүктөрүнүн белгилүү тартипте тизилиши; 3. биринин артынан бири келе жаткан элдин, нерселердин белгилүү тартипте тизилиши).
1. Имараттардын таштан, бетондон ж. б. материалдардан жасалган бийик тирөөчтөрү. 2. Кандайдыр бир тарыхый окуянын салтанаты үчүн мамыча түрүндө тургузулган эстелик. 3. Адамдардын же башка нерселердин бир нече катардан турган жана биринин артынан бири тизилип чубаган узун тизмеги. Атчандар колоннасы. Аскерлер колоннасы. Танкалар колоннасы.