ручательство, поручительство, порука;
келилдикке бер- отдать на поруки.
зат. Бирөө үчүн жооп берүүчүлүк, милдетин алуучулук.
гарантияпоручительстворучательство
КЕПИЛДИК – 1) жарандык укукта карызкордун кредитор алдындагы милдеттенмесин толук же талаптагыдай аткаруусуна кайсы бир адамдын жоопкерчилиги (толук же жарым-жартылай) тууралуу мыйзамда же келишимде каралган милдеттенме (кара: м.: Банк кепилдиги); 2) кандайдыр бир мөөнөткө чейин колдонуу максатына төп болуу үчүн товардын материалдык кемчиликтерине сатуучунун мыйзамда каралган милдеттенмеси. Товардын сапат К-и анын баардык бөлүгүнө (куралуучу буюм) бирдей тийешелүү (кара:Кепилдик мөөнөт).
КЕПИЛДИК – милдеттенмени камсыз кылуу ыкмаларынын бири. К. келишими боюнча кепил башка жактын кредиторунун алдында анын милдеттенмесин (толук же бир бөлүгүндө) аткаруусу үчүн жооп берет. КР жарандык мыйзамына ылайык К. келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек. Карызкордун камсыз болунган К. милдеттенмесин аткарбай же талаптагыдай эмес аткарган учурда ал жана анын кепили, эгер мыйзамда же К. келишиминде кепилдин биргелешкен жоопкерчилиги каралбаса, кредитордун алдында ортоктошуп жооп беришет. Эгер К. келишиминде башка жагдай каралбаса, кепил кредиторго пайыздарды, сот чыгымдарын, карызды өндүрүп алуу боюнча кредитор тарткан башка чыгымдарды төлөөнү кошуп алганда карызкордой эле көлөмдө жооп берет; биргелешип К. берген жактар кредитордун алдында ортоктош жоопкерчилик тартышат. Кепил, эгер К. келишиминде башка жагдай каралбаса, карызкор билдириши мүмкүн болгон далилдерди кредитордун талаптарына каршы келтирүүгө акылуу. Карызкор бул далилдерден баш тарткан же карызын мойнуна алган учурда деле кепил аларды келтирүү укугун жоготпойт. Кредитордун ушул милдеттенме боюнча жана күрөө кармоого байланышкан укуктары милдеттенмени аткарган кепилге өтөт.
Бирөө үчүн жооп берүүчүлүк, бирөөгө кепил болуп, милдетин мойнуна алуучулук.
КЕПИЛДИК ВЕКСЕЛЬ – анда көрсөтүлгөн сумманы вексель берүүчү вексель кармоочудан албай туруп эле, чарбачылык бүтүмдөрүн камсыз кылуу үчүн берилген вексель. Эгер вексель берүүчү алардын ортосундагы башка милдеттенмелерди жарытып аткарбаган учурда гана, биринчи вексель алуучу К. в-дин негизинде өндүрүп алууга акылуу.
КЕПИЛДИК КРЕДИТ – банк же өкмөттүк органдардын кепилдиги менен уюмдардын бири-бирине кепилдик аркылуу бере турган кредити.
КЕПИЛДИК МӨӨНӨТ – жарандык укуктагы соодалашуу келишими боюнча товар сапаты талапка жооп бере турган, ал эми аткаруу жана тейлөө иштеринде жарамдуулук касиетин жоготпой турган мезгил аралыгы. К. м. кардарга товарды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) берген учурдан башталат жана ал узак мөөнөткө колдонулуучу же сакталуучу товарларга коюлат. К. м-түн өтүшү менен, товардын, жумуштун, тейлөөнүн кемчил жактарын табуу, товардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) кемчил жактарын толтуруп берүү талаптарын орундоо боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдеттенмелери (жалпы эреже боюнча) токтотулат.
КЕПИЛДИК ТӨГҮМ – баштапкы баа менен кийинки кундаштыруу ажырымын жабуу үчүн мөөнөттүү келишим боюнча төгүм.
КЕПИЛДИК ТӨЛӨМ – КР эмгек мыйзамдары боюнча жумушчулар өз жумушунан мыйзамда каралган себептер менен убактылуу ажыратылган учурларда өз жумушчуларына ишкана тарабынан төлөнүп бериле турган каражат: мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарганда; ар жылдагы өргүүлөр; милдеттүү медициналык текшерүү; кан тапшыруу милдетин аткарганда; бала багуу үчүн кошумча танапис; ойлоп табуу жана сарамжал сунуштарын киргизгенде; жумушчуга байланыштуу болбогон иш токтоолору. Ошондой эле, К. т-гө бошонуу жөлөкпулу менен ишке аргасыз чыкпаган күндөр үчүн төлөмдөр да кирет.
КЕПИЛДИК ФОНД – 1) эсептик палата мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлө турган биржа фонду. К. ф-дун өлчөмү уюмдардын саны менен аткарымдардын көлөмүнө жараша болот. К. ф. банкта сакталат жана эсептик палата директорлорунун атайын улуксатысыз алынбайт; 2) жеке жана юридикалык жактарды зыянга учуратуучу аракеттердин натыйжасында тарткан зыян ордун толтуруу үчүн милдеттүү түрдө түзүлгөн фонд.
КЕПИЛДИК ШЕРТПУЛ – ар жолку биржа келишимин түзүүдө кардардын каржы милдеттенмелеринин кепилдиги түрүндө эсептик палатага биржа мүчөлөрү тарабынан төгүлүүчү биржадагы акча өлчөмү. Ал баштапкы (депозит ) жана өзгөрүлмө (маржа) К. ш-у болуп өзара бөлүнөт.