Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кашык менен ченөө, кашыктан пайдалануу, ичүү. Күчүн көрсөң ичиндеги күйүттүн, Кош кашыктап ууну ичип, ууланган жок (Шимеев).
¨ Кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу дүнүйөнү кичинеден жыйнап, көп-көптөн чачуу, эсеби жок жоготуу, ысырап кылуу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дүнүйөнү, мал-мүлктү аз-аздан, кичинеден жыйнап алып, эсеби жок ысырап кылуу, көп-көптөн жогото берүү. Атасынын кашыктап жыйнаганын, баласы чөмүчтөп чачты да, бир жылдан соң көктү карап калды («Ала-Тоо»).