Киргизско-русский словарь Юдахина
катын I
жена; женщина; пожилая женщина; груб. баба (ср. аял II);
катын жакшы - эр жакшы погов. жена хороша, (так и) муж хорош (репутацию мужу создаёт жена);
катын менен кыз-келин женщины (пожилые), девушки и молодухи;
катын ал- жениться;
катын кылып ал- взять в жёны;
катын алсаң, отун ал погов. любишь кататься, люби и саночки возить (букв. взял жену, бери и дрова, т.е. думай о хозяйственнных заботах);
катын-кыздар женщины (общее название);
кичи катын этн. младшая жена;
катын баакы женоподобный мужчина, баба (в отношении характера и повадок);
катынын кара баскансып фольк. он переполошился (букв. будто его жену нечистый задавил);
катындын карасы красивая, миловидная женщина;
катын жандуу бабник, бабий угодник;
эрди-катын см. эр 1;
эрдүү катын см. эрдүү;
как чекенин катыны см. чеке I;
катын жаңак см. жаңак.
катын- II
возвр. от кат- V;
жүгөн катынып надев узду на своего коня;
күмүш жүгөн катынып, мингени жорго дунгандын стих. дунгане ездят на иноходцах, надев на них узду, украшенную серебром;
кыргоол жүрөт токойдо, кара башын катынып фольк. фазан живёт в зарослях, скрываясь.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыркы учурда өз ордун арап тилинен келген аял деген сөзгө бошотуп берип, эмнегедир барган сайын өөн учурап, одоно сезилген «катын» деген төл сөзүбүздө да жогорудагы кат сөзү бардай сезилет: катын < кат+ын («башка жактан келип кошулган» деген мааниде). Тарыхтан белгилүү болгондой, «катун//хатун» сөзү түрк жана монгол өкүмдарларынын жубайына же өкүмдардын үй-бүлөсүнөн чыккан кыздарга карата титул катары колдонулган. Айрым окумуштуулар бул сөздүн түрк жана монгол тилдерине согду тилинен киргендигин айтышат. Алардын ою боюнча, согду тилиндеги hwtyn // hwatun «королева» түрк жана монгол тилдерине «катун//хатун» шекилинде кирген (Clauson, Dictionary, p. 602-603; Rȁsȁnen, Versuch, p. 157). Ал эми Дөрфердин оюнча, «катун» деген сөз «кагатун» түрүндө түрк элдеринде байыртан эле болгон жана «каган» сөзүнөн келип чыккан (Doerfer, TMEN, III, p. 132). «Катын» сөзүнүн согду тилинен киргендигине каршы келе турган эки жагдай бар. Биринчиден, жогоруда айтылгандай, «катун//хатун» сөзү түрк-монгол өкүмдарларынын аялдарына жана кыздарына карата гана колдонулган. Анткени башкалардан айырмаланып, түрк-монгол мамлекеттеринде өкүмдардын аялы маанилүү роль ойногон (Islam Ansiklopedisi 1997. - Vol. 16. - P. 499-500). Ушунун өзү эле бул сөз тескерисинче түрк тилдеринен согду тилине өткөн эмеспи деген ойго жем таштайт. Экинчиден, бул сөздүн тектеши согдулардын таасири тийбеген түштүк Сибирь түрк тилдеринде да бар: «кадыт разг. женщина; замужняя женщина; жена; Алтын башту кадыттан арык башту эр артык» (Алтайско-русский словарь 2018:249). Ушул эки жагдайдан улам «катын» сөзү байыртан келаткан төл сөз деп божомолдоого болот. Жогоруда айтылгандай, «катын < кат+ын» сөзүнүн баштапкы мааниси «башка жактан келип кошулган» болушу мүмкүн. Анткени бул божомолго жөлөк боло турган бир жагдай бар. Түрк тилдеринде, анын ичинде кыргыз тилинде кеӊири колдонулган «келин» деген сөз да ушул модель менен жасалган: келин < кел+ин («башка жактан келген, келгин» деген мааниде) (ЭСТЯ 1980:16-18). Сыягы, «катын, келин» деген сөздөр «кач+кын, өт+күн» деген сыяктуу эле –гын деген мүчөнүн жардамы менен жасалып (каткын, келгин болуп) , кийинчерээк кыскарып кетсе керек. Аялдардын, келиндердин «башка жактан келген», «келгин», «белгисиз» деген сыяктуу маанидеги сөз менен аталышы башка тилдерге да мүнөздүү. Мисалы, славян тилдериндеги «келин» маанисин билдирген «невеста» деген сөздүн мааниси да ушундай чечмеленет: невеста < не и ведать «неизвестная» (Фасмер М. Этимологический словарь русского языка).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аял, зайып («аял» деген сөзгө караганда одонороок мааниде колдонулат). Жакшы болсо катының, келип турат жакының (макал). Эбин таап кармаса, Үйдүн көркү катында («Мендирман»). – Кадырлаш болсо өлгөнчө, Катындын көркү эр менен (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жоругу, мүнөзү жагынан катын экендигин билгизген, катынга тиешелүү болгон сапат. Катындык кылып албууттанып кетпесин, абайлап мамиле кыл («Ала-Тоо»). 2. Катындын абалы, катын экендик. Катындыкка алуу.