Киргизско-русский словарь Юдахина
каткыла- I
каткылап күл- громко смеяться, покатываться со смеху.
каткыла- II
многокр. от кат- V;
жан каткыла- опасливо прятаться (букв. прятать душу);
таң ата ташты тапканмын, жан каткылап жатканмын фольк. на рассвете я нашёл (тот) камень и лежал, прячась с опаской.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде Боору катканча күлдү. Кыраан-каткы күлкү чыкты деген учурларда айтылган кат этишинен каткы сөзү жасалган. Азыркы алтай тилинде каткы сөзү кыргызча «каткырык» маанисинде колдонулат. Ушуга караганда мурда кыргыз тилинде да каткы сөзү «каткырык» деген маанисинде болгон. Ошондон жогорку кыраан-каткы дегендеги каткы сөзү айтылат. Ага этиш жасоочу -р мүчөсү жалгануудан каткыр сөзү жасалган.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу күлүү, өтө көңүлдүү, көңүлү куунак жүрүү. Каткырыгы таш жарып, Катуу күлүп калышып («Манас»). Каткырыгы таш жарып, дайыма шайдоот жүрө турган (Саатов). Каткырыгы таш жарат, Каны суюк кысталак (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каткырган, катуу чыккан күлкү. Биздин каткырык блиндажды жаңыртып жиберди («Ала-Тоо»). Кызык, кызык турмуш күнүн сүрөр кез, Катуу, катуу каткырык салып күлөр кез (Бөкөнбаев). Башкалары Кадыркулдун кубанычтуу каткырыгына токтоо бербей дуу күлүп калышат (Каимов).