1. то же, что кары I 1; жеңдерин каруудан жогору түрүп коюшкан они засучили рукава выше локтя; көп кайраттуу колуңду карууңдан кесип салбасам фольк. не я буду, если твою сильную руку по плечо не отрежу; каруусу (или карысы) казык, башы токмок болуп (или болгуча) иштеди он работал изо всех сил (букв. так, что рука стала колом, а голова - колотушкой); каруумду казык, башымды токмок кылганча иштеп берейин я для тебя поработаю, не жалея своих сил; 2. перен. сила, мощь; каруусу бар киши сильный человек; каруусу толук дөө могучий див; каруу-күчкө толорсуң, кадиксиз баатыр болорсуң фольк. наберёшься ты силы-мощи, станешь ты настоящим богатырём; эч каруу албады или каруу кирбеди он не мог оправиться (напр. после болезни); он не мог набраться сил; каруу кылар ал жок сил нет противиться; каруу-жарак оружие, снаряжение.
1. кары I менен бирдей. Бардыгы тең жеңдерин карууларына чейин түрүп коюшкан («Ден соолук»). Жылкычы оң каруусуна кызыл четин укуругун сүйрөтүп, минген атын утур теминип ойдолотот («Жаш ленинчи»). 2. Күч, кубат, дарман. Ар бир адам каруусу жеткенче иштейт (Сыдыкбеков). Каруум келсе калмактын, Бир четинен сүйрөйүн («Курманбек»). Айсалкындын курсагы кабырылып, каруусу кетип араң эле отурат (Каимов).
взаимн. откаруула- меряться силами, вступать в поединок; сражаться, схватиться; Кондубаев солдаттын бирөө менен каруулашканда, беркиси кылычтап өлтүрүп таштаган когда Кондубаев схватился с одним из солдат, тот его убил шашкой (из рассказа о восстании 1916 г.); карып кетип барамын, каруулашар чама жок фольк. я старею, сражаться нет сил.
Күч-кубаттуу, каруусу бар, күчтүү. Көйнөкчөн жаткан Айсалкынды каруулуу кол катуу кармаганда, чыңырып жиберди («Ала-Тоо»). Эр Олжобай каруулуу Эркелик менен жүрдү эми («Олжобай менен Кишимжан»).
Каруусу жок, чабал, дармансыз. Каруусуз кишилерге зомбулук иштеген бай баласы, бек баласы (Сыдыкбеков). Каруусуз Дарияхан жарытып жей албады (Жантөшев).