Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНЫКЕЙ — үчиликтеги негизги башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы.
Т. Герцен. Санирабнга (Каньгкей).
Т. Герцен. Санирабнга (Каньгкей).
К-дин образы «Манас» эпосундагы аялдардын образдарынын ичинен айрыкча бөлүнүп турат. Ал Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси. Эпостун бардык негизги окуяларына катышып, чыгарманын сюжетинде чечүүчү роль ойнойт. К-дин образы аркылуу баяндалган элдик идеялар эпостун башкы идеясынын ачылышында чоң мааниге ээ. Көп учурда Манаска акыл айтып, аны кыйынчылыктардан, айрым мезгилде ажалдан сактап калат. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык — К-дин негизги касиеттери. К-дин образында баатырдык касиеттер да жок эмес. Саякбай Каралаевдин варианты нда К-дин образы эрдиги, кайраттуулугу жана күчү менен айырмаланган баатырдык образ катары берилет. Анын эр жүрөк баатырдыгы «өрүмдөн чачы өтө элек, өзү бала секелек» кезинде эле башталат. Сүрүнөн «жалпы Букар чайпалып, өлүп кете жаздаган» Чубак баатыр менен жекеме-жеке кармашып, намыс алат. К-дин эрдиги «Букарды төрт жолу курчоодон куткарды» деген сүрөттөөдөн көрүнөт. Аны Айкожо көрүп эч жеринде кеми жок экен, эркек болсо он сегиз миң ааламга тутка болчу неме экен, — деп 1-ын берет. «Кыз да болсо, кылым чайкап журт бузган Каныкей»:
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу,
Кең көйнөктүн тазасы
Ургаачынын паашасы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 539инв., 217-б.),
— деп мүнөздөлөт. Манастын образы эпосто кандай негизги мааниге ээ болсо, К. да ошого барабар. К. катышпаган окуялар өтө аз. Манастын балалык күндөрү жана эң алгачкы баатырдык иштери гана К-сиз өтөтт. Манаска баш кошкондон тартып анын образы тереңдетилип, элдин асыл сапаттары көркөм чагылган. Каныкейдин сапаттары негизинен эпостун биринчи бөлүмүндө ачылат. К. айрым эпизоддордо башкы ролду ойнойт. Мисалы, К-дин тоюнда, Чубактын Букарды камаганында жана Манастын сөөгүн коюуда, ага күмбөз салууда акылмандык кылат. Көзкамандар окуясында, Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта жана башкалар көп окуяларга активдүү катышат. Көзкамандар чыккынчылык менен Манасты ууландырганда кыраакы К. Манасты өңөрө качып, өлүмдөн куткарат. Эпосто К. өзү түздөн-түз катышпаган окуяларда да кыйыр түрдө катышы бар, анын аты аталат. Сарамжалы, акылы, берген кеңеши эскерилет. Жоо бетинде жүргөн баатырлар эл-жердин кабарын алганда «калк энеси Каныкей, кайгысын тарткан эл-журттун, Жеңебиз аман жатабы» — деп атайын эскерип, ал-абалын сурап билишет.
Т. Герцен. Каныкей</b>.
Т. Герцен. Каныкей.

К. Орозматов. «Жер эне». 1983.
К. Орозматов. «Жер эне». 1983.
К-дин көңүлдү өзүнө бурган башкы белгиси — колунан көөрү төгүлгөн уздугу. Баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап, эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим, курал-жарактарды алдын ала даярдайт. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолойду жыгып, Кошойдун намыс алышы К. тиккен кандагай шымга байланыштуу. К-дин камкор, сарамжалдуулугу булар менен эле чектелбейт Камкордугу жоокерлердин башына кыйынчылык түшүп, арып-ачканда жей турган күл азык камдап, түрдүү дары-дармекти баатырлардын жанына салып бергенден да көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Чоң казатта жарадар болгондо К. берген дары менен күч-кубатына кирип, кайрадан майданга кирет, К. жасаган Алгаранын кебин Саралага кийгизип, душмандын чегинен өтөт. К-дин камкордугу баатырлардын тулпарларына кандай кам көргөнүнөн да айкын көрүнөт. Жоокерчилик мезгилде тулпардын кандай мааниге ээ экендигин жакшы түшүнгөн К. Аккулага «күрүчтөн күрмөк жем берип, күндө терин алып», ар качан саяпкерлердей таптайт. К-де алдыда боло турган жакшылык-жамандыкты сезип турган көзү ачыктык да бар. Манастын Чоң казатка аттанышына К. каршы тургандыгы да ошого байланыштуу. Манас Бээжинди алып, такка отурду деген кабар К-ди кубантпайт тескерисинче баатырлардан ажырап калбасын деп сарсанаа болот. Чынында Кичи казат кыргыз баатырларынын жеңилиши менен аяктайт. Манас өлгөндөн кийин бардык оорчулук К-дин мойнуна түшөт. Баатырдын өчүн алып, эли-жерине баш-көз болчу Семетейдин өмүрү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, акыры максатын ишке ашырат. Семетейге турмушту таанытууда, эли-жерин сүйүү, душманын жек көрүү сезимин курчутууда маанилүү милдет аткарат. Айрыкча К-дин «Тайторуну чапканы», «Каныкейдин жомогу» өңдүү эпизоддордо анын ар-намыс, эл-жер үчүн түрдүү ой-толгоолорго баткан психологиялык абалынын кеңири берилиши каармандын образын дагы тереңдетип, анын мүнөзүн ого бетер курчутат жана толуктайт. «Семетейде» К. өткөн муундун өкүлү катары акылман тарбиячы, камкор эне болсо, «Сейтек» бөлүмүндө келечектен үмүт үзбөй, карыса да ар-намыска бел-байлан, кыйынчылыктарга майышпай чыдаган туруктуулугу баса көрсөтүлөт. Эл өткөн коомдук түзүлүштөрдүн шартындагы социалдык чындыктан алда канча жогору турган өзүнүн адеп-ахлактык нормаларын да ушул образ менен тыгыз байланыштырышкан. К-дин образы — кыргыз элинин нечен кылымдардан берки жашоо-тиричилигинен келип чыккан, мыкты деп эсептелген түрдүү касиеттерди топтоштуруу аркылуу жаратылган образ. Анын бүткүл өмүрүндөгү иш-аракети элдин ар-намысын, эркиндигин, жыргалчылыгын коргоого арналган. Кыскасы К. кыргыз аялдарына таандык болгон акылмандык, мээримдүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды сактайт жана өнүктүрөт. Элдик кыял аны биротоло ажалдын алы жетпеген аңыз каарманга айландырган. Жомокчулар Сейтектин эр жетиши менен Семетей, Айчүрөк, Бакайга кошулуп К. да түбөлүк аалам кезип кетти деп баяндашат.
Т. Садыков. Каныкей. «Манас» архитектуралык скульптуралык композициясынан, 1981</b>
Т. Садыков. Каныкей. «Манас» архитектуралык скульптуралык композициясынан, 1981
Манасчылар өзү өлсө да иши өлбөгөн, тукумдан тукумга түбөлүк үлгү катары сактала турган көркөм салттуу элести ушундайча жаратышкан.
А. Жайнакова

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КАНЫКЕЙДИН АРМАНЫ» — классикалык элдик күү. «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Каныкейдин айланасындагы окуялардын негизинде чыгарылган. Калк кастарлап уккан улуу эпостун кызык окуяларынын негизинде жаралган татаал кайрыктардагы нечен залкар күүлөр бар (к. «Алмамбеттин арманы», «Семетей күү»). Ал эпикалык күүлөр музыкалык ойлорунун тереңдиги, көркөм каражаттарынын молдугу менен мүнөздөлөт. Көбүнчө айтым күүлөр болуп комузчу адегенде күүгө өзөк болгон окуяны жорго сөз менен чечмелей айта отуруп, күүнү анан черткен. Мына ошондой күүлөрдүн бири «К. а.» чертилерде төмөнкү окуяны айтышкан. Айтылуу Манас атабыз өлгөндө, Абыке, Көбөш, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор Манастан калган дүйнөнү камчыга ченеп бөлгөндө, Каныкейди Абыке алам деп, Ырамандын Ырчыуулун сен барып Манастын аялына: «Ат өлсө соору керек, ага өлсө жеңе керек» — жообун ала кел дейт. Ал Каныкейге барып, атчан туруп: Каныкей жеңе, кайнилериң жиберди. «Ат өлсө соору, ага өлсө жеңе керек» — экен дейт. «Арага келчү сен белең? Алуучу алты арам беле?» — деп, Каныкей оттун жанында жаткан шамшарды ала коюп уруп калат. Түнүндө кайненеси Чыйырды менен Семетейди Кайыпчынын кара үңкүргө жашырат. Эртең менен үрөң-бараңда Абыке, Көбөш келип Каныкейдин эмчегин жара чаап, «Ишенген балаң ушубу!» — деп жабылуу бешикти кылыч менен бөлө чаап кете берет. Ошондо Каныкей атасы Темиркандыкына кетмек болуп, Чыйырдыны айдалыга мингизип, Семетейди бооруна көтөрүп, Алмамбеттин сыр бараңын таянып:
Жоргонун белин аша албай,
Боздоп ыйлап баса албай,
Күйүктүн белин аша албай,
Күрмөлүп ыйлап баса албай
Балтырдан кара кан кетип,
Каныкейден ал кетип,
жолго жөө чыкканын билген Бакай минерине унаа, жээрине азык камдап Чакмактын белинен Каныкейге жолугат. Ошондо Каныкей Бакайга кайрылып: — Ушул жетимди алып барып таятасы Темирканга бала кылып берейин. Атасын тарткан эр болсо, чоңойгондо элин бошотуп, «алты арамдан» кегин алар. Жаман болсо кул болуп жүрүп өлөр... дегенде, Бакай эки тулпарга Чыйырды менен Каныкейди мингизип, азыгын берип, Темирканга качырганын айтып келип, андан соң жалаң кайрыктардан турган «К. а-н» чертишкен. Эпостун обону, күүнүн чертилердеги баяндамасы муңайыңкы жүрүштөгү албан кайрыктарда түрлөнө кайталанып, күүнү уккан адамдын көз алдына Семетейди ала качып кетип бараткан Каныкейдин кайгылуу элеси тартылат.
Б. Алагушов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КАНЫКЕЙДИН ЖОМОГУ» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1940). Басмага даярдаган Ы. Абдыракманов. Латын тамгасы менен басылган. 288 сап ыр. (к. «Семетейдин» сюжети).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУНУ ЧАПКАНЫ» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1941). Жооптуу редактору Ө. Жакишев. Латын тамгасы менен басылган, 4466 сап ыр. Китептеги «К. Т. ч.» эпизодунун сюжети Манастын өлүмүнө байланышкан кайгы сууп, көз жаш кургай электе анын арсыз бир туугандары — Абыке менен Көбөш жаш балалуу Каныкейге, кары чоң эне Чыйырдыга, баатырдын акылман кеңешчиси Бакайга кордук көрсөтө баштаган наадандык иштерин баяндаган салттык окуядан башталып, башка эл-жерде тарбияланган Семетей он экиге келгенде таятасы аны кан көтөргөн тойдо Каныкей Семетейдин келечегин билгени Тайторуну төлгө кылып чаап, Тайтору чыгып келгенге чейинки окуялар камтылган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ. Ичке жана Таш-Рабат ашуулары аркылуу Ат-Башыдан Ак-Сай өрөөнүнө ашып түшө берээрдеги капчыгайдан (Ат-Башы кырка тоосунун күңгөй бетинде) орун алган. Уламышка караганда бул үңкүргө Каныкей түнөп кеткен имиш.