Киргизско-русский словарь Юдахина
сколько;
канчада? сколько лет? (в каком возрасте?);
канча бири многие из них;
канча бири кырылган фольк. многие из них были уничтожены;
алда канча значительно, много;
алда канча күчтүү болуп чыкты он оказался куда сильнее;
ар канча сколько бы ни;
бир канча несколько, много;
канча кылган менен как бы там ни было, как ни говори (а...).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
ат. 1. Бир нерсенин санын, эсебин суроо үчүн колдонулат. Канча киши? Канча жашта?
2. өт. Көп, нечен, бир топ. Канча жылы көрбөгөн, Калкым аман барсыңбы? (Токтогул). Аралап канча жерлерди, Айлына барды далайдын (Үсөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсенин эсебин, санын суроо үчүн колдонулат. Канча бала? Канча киши? Канча сом? Ата, сен канча жашка келдиң эле? (Шамшиев). 2. Көп, бир нече, нечен ирет, далай жолу. Канча жыл жүрдү кайгырып, Бир балага зар болуп («Манас»). Күн бөксөрүп, ай өттү, Арадан канча маал өттү? («Эр Төштүк»). Какшып жаткан канча жыл, Чөл көгөрдү куруудан (Бөкөнбаев). Канча сурап жүрдүм, бир да жолу эсиңе албадың го, жигит! («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сколько, насколько;
канчалык аракет кылсак да сколько мы ни старались; несмотря на все наши старания;
алда канчалык жогору значительно выше;
бир канчалык убакыт өткөндөн кийин по прошествии значительного времени;
биз канчалык кечикпесек, иш ошончолук жакшы болот чем меньше мы запоздаем, тем (дело) будет лучше;
канчалык айтсам, укпады фольк. сколько я ни говорил, он не слушал;
бул кудуктун тереңдиги канчалык бар? какова глубина этого колодца?
канчалык айткан менен да сколько ни говори.