Тамактангысы, же ичип-жегиси келип турган абал, курсагы ачтык же ток пейилдик, апетит. Көкөнүн ичтейи биротоло ачылып кетти окшойт, эч кимге карабай палоону лукулдатып сугунуп кирди, (Касымбеков).
Аябай азап чеккенин сыртына чыгарбоо, катуу күйүү, билгизбей өзүнчө капалануу. Ал дагы күйүттүү эне, ичтен зеки кайгысы козголуп, ичтен боздоп, акырын эрдин кыбыратып алды да, башын аргасыз ийкей өзүнчө улутунду (Касымбеков).
Аябай азап чеккенин сыртына чыгарбоо, катуу күйүү, билгизбей өзүнчө капалануу. Ал дагы күйүттүү эне, ичтен эски кайгысы козголуп, ичтен боздоп, акырын эрдин кыбыратып алды да, башын аргасыз ийкей өзүнчө улутунду (Касымбеков).
Астыртан, тымызын чыккынчылык кылма, билгизбей ишти бүлдүрмө. Ансыз деле ичтен жеген курттай болгон сары санаасы ырбады (Бердикеев). Кычаштык кылгандай жан дүйнөнү аза күттүрткөн өңдөнүп, ичтен жеген курттай билгизбей сөөк какшаткан мундуу кууну сыбызгытууда (Исмаилов). Колунан бийлик тайыган соң, ичтен жеген курттай дале болсо күбүрөп-шыбырап, туура жүргөн активдердин артынан коңгуроо шылдыратат (Сыдыкбеков).
1. Ооруу, санаа сыяктуу жагымсыз нерселердин бир канча убакытка чейин алдыртан адамдын тынчын алуусу. 2. Астыртан, тымызын чыккынчылык кылма, билгизбей ишти бүлдүрмө. Ансыз деле ичтен жеген курттай болгон сары санаасы ырбады (Бердикеев). Кычаштык кылгандай жан дүйнөнү аза күттүрткөн өңдөнүп, ичтен жеген курттай билгизбей сөөк какшаткан муңдуу күүнү сыбызгытууда (Исмаилов). Колунан бийлик тайыган соң ичтен жеген курттай дале болсо, күбүрөп-шыбырап, туура жүргөн активдердин артынан коңгуроо шылдыратат (Сыдыкбеков).
Үн чыгарып окубастан, жөн гана көз жүгүртүп окуу. Ичтең окуу окуучуга өзүнүн оюн окуган материалдын негизги мазмунуна токтоого мүмкүндүк берет («Мугалимдерге жардам»).
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ
- Эмне кылайын, кууса куугандыр, - деди Момун ичтен сыздап (Айтматов). Ал эрдин бек кымтып, ичтен сыздап, оозуна сөз кирбей отуруп калды (Касымбеков). Сыртынан сыр бербегендери менен аялы экөө туяксыз жүрүшкөнүнө ичтеринен сыздачу (Кушубеков).
к. ИЧИНЕН СЫЗУУ
Кимдин жарыгы эрте өчтү дегиче, манап ошол аялыныкында экенин билишип, ичтен сызып, өзүнчө күптү болуп, шордуулар өчүн ак мамыктан чыгарчу экен (Кушубеков). Сени эңсеп гана ичтен сызып каламын (Жусупов).
Кайгы-капасы, өкүнүчү, ызасы ичинде болуу, ичинен кайгыруу, күйүү, кайгы-капасын сыртына чыгарбай өз ичинен, убайым тартуу. Жаш кыз ичтен сызды (Сыдыкбеков). Балалуу болбогонума аялым ичинен сызып жүргөнүн байкачумун (Абдукаримов).
ИЧТЕН ТУЮНТУУ «Манас» айтуу өнөрүндө. «Манас» айтууда манасчы актёрдук өнөрдүн И. т. (переживание) принцибин пайдаланат. Бир да образ көрсөтүп туюнтуу (представление) аркылуу жаралбайт. «Манас» айтып жаткан аткаруучу сөзсүз түрдө кейипкерлеринин «терисине кирип» кетет да, образды анын ички ал-абалын көрсөтүү аркылуу жаратат. Ошон үчүн манасчынын эмоциялык абалы өзгөчө концентрацияланган деңгээлде турат. Манасчы каарманы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо муңга чөгөт. Маселен, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтканда Саякбай Карала уулунун көзүнөн бурчактаган жаш кетип, өңү буркураган муңдуу абалга келет Же болбосо Манас жоосун жеңип кубанып турганда манасчы жадырап-жайнап, үнү шаңдуу чыгып, жигерденип калат. Айтуучу жеке эле кейипкеринин ички ал-абалын көргөзүп гана тим бөлбөйт, ал өзү да чын дилинен кошо кубанат, кошо кайгырат (сопереживание). Бул принцип да актёрдук өнөрдүн бир белгиси болуп эсептелет.
Бала (ал жакшыбы, жаманбы-баары бир) - эт менен жүрөктөн жаралган, ал баары бир өз үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат). Бала түшкүр, эне үчүн - дайыма бала: эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, - ичтен чыккан ийри жылан (Касымбеков). Өз уулу менен соттошуп жүрүүнү намыс көрөбү же ичтен чыккан ийри жыланды жамандыкка кыйбайбы, айтор, ичтен сызып жүргөнү - жүргөн экен («Ала-Тоо»). Ичтен чыккан ийри жылан өзүңдөн сырын жашырган соң... (Байтемиров).
Бала жакшыбы, жаманбы – баары бир ата-эне үчүн жакшы, сүйкүмдүү (бул сөз көбүнчө кейигенде, бала чеки иш кылганда айтылат). Бала түшкүр, эне үчүн – дайыма бала: эси болобу, эси болбойбу, бою болобу, бою болбойбу, – ичтен чыккан ийри жылан (Касымбеков). Өз уулу менен соттошуп жүрүүнү намыс көрөбү же ичтен чыккан ийри жыланды жамандыкка кыйбайбы, айтор, ичтен сызып жүргөнү – жүргөн экен («Ала-Тоо»). Ичтен чыккан ийри жылан өзүңдөн сырын жашырган соң... (Байтемиров).
понуд. отичте-, то же, чтоичте-; ичин суусар ичтетип, тышын буулум тыштатып фольк. низ подбили мехом куницы, верх сделали из дорогой материи (см.буулум).