Киргизско-русский словарь Юдахина
ичеги I
см. ичек.
ичеги II
сев.
мелкое топливо (для растопки, для кипячения самовара: чурки, хворост, щепки);
отко ичеги берчи дай-ка растопки;
самоорго ичеги камда приготовь топлива для самовара.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Адамдардын, айбандардын азык иштеп чыгаруу органдарындагы жумшак түтүкчө. Козунун ичегисин сыдырып жаткан Бурма менен дагы бир келин акырын күлүштү (Аалы).
¨ Бир ичеги болуп же бир ичек болуп калуу — тамакты аз ичүү, жакшы иче албоо. Бир ичеги мал экен («Курманбек»). Ичегиси каарылуу — курсагы абдан ачуу. Ичеги-карын — ичтен орун алган тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн жалпы аты.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдын, жаныбарлардын ичеги, карын сыяктуу тамак сиңирүүчү органдарынын жалпы аты. Ичеги-карды үзүлө тургансып ооруйт. || Союлган малдын, жандыктардын тамак катарында желе турган ичегилеринин, карындарынынын жалпы аты. Союлган жандыктардын баш-шыйрагы, ичеги-карды өзүбүз үчүн эң сонун оокат болду (Абдукаримов).

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)

Ичеги көңдөйлүүлөр (лат. Coelenterata же Radialis) – омурткасыз жаныбарлар бөлүмү. Ичеги көңдөйлүүлөр дээрлик бардыгы деңизде сүзүп жүрөт же кыймылсыз бир нерсеге бекип жашайт. Алар полиптер деп аталат. Түзүлүшү радиал симметрлүү. Аларды эки катмарын экто жана энтодермасын мезоглей бөлүп турат. Көпчүлүгүнүн денеси цилиндр түрүндө, баш жагында тинтүүрлөрү менен курчалган ачык баштыкка окшош оозу жайгашкан, анда тамак сиңирүү жүрөт, бөлүп чыгаруучу тешиги жок, эрибеген тамак калдыктары кайра оозу аркылуу сыртка чыгарылат. Көпчүлүк полиптер башында жалгыздан жашап, кийин бөлүнүп отуруп жүздөгөн, миңдеген окшош особдордон турган колония (мономорфтук) түзөт. Ал эми особдорунун түзүлүшү, аткарган функциялары да ар түрдүү болгон колониялар полиморфтук деп аталат. Ичеги көңдөйлүүлөрдүн 3 классы (гидрозон, сифоид медузалар, коралл полиптери), 900дөн ашык түрү бар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө ачка болуу, аябай курсагы ачуу, кезээрүү, ачкалыкка чыдабай кетүү. Чоң энем өзүнчө кобурап, өзөөрүп калдың го? Ичегиңе кан жүгүрүп кетпедиби, – дей бере турган (Өмүрбаев). В.: Ичегиси каарылуу. Бирдемең барбы, ичегим каарылып кетти («Ала-Тоо»). Ичи каарылуу. Эчтеме ичпей, ичиңер каарылып кетти го! (Жантөшев). Ичине кан жүгүрүү. Ичиңизге кан жүгүрүп кетпесин, чакырсам укпадыңыз (Бейшеналиев). Өзөгүгө кан жүгүрүү. Өзөгүгө кан жүгүрүп кетпесин деп, оромонун калганын, эски болсо да, жылытып бердим («Кыргызстан маданияты»). Өзөгүнө кан жүгүрүү. Уулуңуздун өзөгүнө кан жүгүрүп кеткенби дейм, бирде мени, бирде сизди жал-жал карап, анан көзүн жумат («Ала-Тоо»).