рахит;
итий болгон баладай истощённый, исхудалый;
итий болгон баладай, баркырап үндү сала албайт фольк. он точно рахитичный ребёнок, не может громко крикнуть.
зат. Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдардын оорусу, рахит. А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып, куу далы ийнеликтей чилмийип, итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).
Организмдеги минералдардын алмашуусунун бузулуу натыйжасында сөөк жана нерв системаларындагы өнүгүштүн бузулушу менен мүнөздөлүүчү балдар оорусу, рахит. «Д» витамини жетишсиз болсо, итий оорусу пайда болот («Ден соолук»). А балдарынын көбү териси сөөгүнө жабышып куу далы, ийнеликтей чилмийип итий деген ооруга жолугушчу (Сыдыкбеков).