ит балдак (сууда сүз. түрү)
ит балдак (сүзүү ыкмасы) (диал.)
1. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, кенен шилтебей, алдын карай челе таштап чабак уруунун, сууда сүзүүнүн бир ыкмасы, түрү. 2. Арышын керип, арышын кере-кере таштап, улам кызый чуркоо деген мааниде (көбүнчө жылкыга карата) колдонулат. Учкаша минген бууданы, Ит балдак уруп келатат («Мендирман»).
1. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, кенен шилтебей, алдын карай челе таштап чабак уруунун, сууда сүзүүнүн бир ыкмасы, түрү. 2. Арышын керип, арышын кере-кере таштап, улам кызый чуркоо деген мааниде (көбүнчө жылкыга карата) колдонулат. Учкаша минген бууданы, Ит балдак уруп келатат («Меңдирман»). Ит-Кечпестин Кара-Суу, Ит балдак уруп жоголду («Семетей» С. К.).